super.kg logo

Футбол боюнча Орус улуттук курама командасынын капитаны болуп Артём Дзюба дайындалды

 
Буга чейин Орусия улуттук курама командасынын 32 жаштагы дарбазачысы жана капитаны Игорь Акинфеев өзүнүн улуттук курамадагы карьерасын жыйынтыктаганы тууралуу билдиргени маалымдалган.
Кечээ, 1-октябрда "Футбол үйүндө" болгон маалымат жыйынында курама команданын башкы машыктыруучусу Станислав Черчесов жаңы капитандын ысымын атады. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Эми Орус улуттук курама команданын капитаны болуп "Зенит" футболдук клубунун чабуулчусу Артём Дзюба дайындалды. Дзюба жай айларында болуп өткөн Дүйнө чемпиондугунда мыкты оюн көргөзгөн. Ал 3 гол киргизип, 2 жолу голдук пас берген.
Артём Дзюба 1988-жылы 22-августта Москва шаарында төрөлгөн. Өзүнүн чоң спортко болгон кадамын 2006-жылы москвалык "Спартак" командасынын курамында баштаган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: