super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖЫЛНААМА, 3-ОКТЯБРЬ: "Туулган күнүмдү эң жакын курбум менен өткөрөм" дейт 55 жашка толгон Анапия Райымбекова

 

"Үч-Теректин үч кызы" деп таанылган таланттуу ырчы эже-сиңдилердин бири, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Анапия Райымбекова бүгүн, 3-октябрда 55 жашка толду. Ырчыны куттуктап байланышка чыксак, ыраазычылык билдирип, буларга токтолду.

"Бүгүнкү туулган күндүк маанайым жакшы. Абдан толкунданып отурган чагым. Бүгүнкү туулган күнүмдү эң жакын курбум менен өткөрөм. Ал эми таң аткандан бери эң асыл, жакын адамдарымдын, бир туугандарымдын, санаалаштарымдын куттуктоолорун кабыл алып толкунданып отурам" дейт ырчы.
Ал эми чыгармачылыгындагы жаңылыктары тууралуу "чыгармачылыгым өз нугу менен кетип баратат. Туулган күнүмдө бир аз толкунданып, илхом дагы келип жатат окшойт (күлүп) чыгармаларым тууралуу ойлонуп жатам. Буюрса, 2 жаңы ырдын үстүндө иштеп жаткан убагым. Жакын арада күйөрмандарыма тартуулайын деп турам" деп кошумчалай кетти.

Белгилей кетсек, Анапия Райымбекова 1963-жылы 3-октябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Өзгөрүш айылында төрөлгөн. Улуттук филармониянын алдындагы эстрадалык 2 жылдык окуу жайын бүтүргөн. 2008-2013-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда билим алган. Алгач Жумамүдүн Шералиевдин "Мендеги ыйык махабат" жана Асанкалый Керимбаевдин "Сезимдеги ойлор" аттуу ырлары менен белгилүү болгон.

3-октябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: