super.kg logo

Microsoft компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири миллиардер Пол Аллен рак оорусунан дарыланууда

 

Белгилүү Microsoft компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири миллиардер Пол Аллен рак оорусунан дарыланууда. Бул тууралуу Аллен 1-октябрда билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Аллен дарылануу менен бирге эле филантропия менен алектенгенди жана ал ээлик кылган спорттук командалар менен иштешүүнү улантарын айткан.

"Мен бул дарттан айыгып кетериме ишенем. Дарыгерлерим да үмүт артууда. Керектүү дарыларды ичип атайын терапиядан өткөндөн кийин абалым жакшырды", - деп билдирген Аллен.

Пол Аллен өзүнүн досу Билл Гейтс менен 1975-жылы Microsoft компаниясын негиздешкен. Дарыгерлер мындан 9 жыл мурун, тактап айтканда, 2009-жылы эле Аллен Ходжкин лимфомасы (организмдин лимфотикалык системине зыян келтирүүчү залалдуу шишик) менен жабыр тартарын билдиришкен. Ал учурда Аллен дарыланып абалы жакшырып калганын жана рак оорусун жеңүү алдында турганын билдирген.

Пол Аллен 2015-жылы "Форбс" журналы жарыялаган эң бай адамдардын тизмесинде 51-орунду ээлеп турган. Анын байлыгы 17 миллиард 5 миллион долларга бааланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: