super.kg logo
  Саясат  

Депутат Бакыт Төрөбаев: "Эл арасында сотко нааразычылыктар көп, бул мамлекетке зыян алып келет"

 

Бүгүн, 2-октябрда парламенттин комитет жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев соттор менен Жогорку Кеңеш тыгыз иш алып барышы керектигин айтты.

"Мамлекетке инвестор келе турган болсо алгач сот системи кандай иштеп жатканын карашат. Сот тармагы туура, таза иштеп жаткан болсо инвесторлор келет. Учурда эл арасында сотко нааразычылыктар көп, бул мамлекетке зыян алып келет. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети менен сот системи тыгыз иштешип, чогуу иш алып барышы керек", - деди Төрөбаев.

Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева аталган комитет менен тыгыз иштешүүгө аракет кыла турганын айтты.

Учурда аталган комитетте "Жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: