super.kg logo

"Кыргыз темир жолу" ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

 

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын жаңы жетекчиси болуп Канатбек Абдыкеримов дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Тийиштүү буйрукка, кечээ, 1-октябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Ошол эле күнү өкмөт башчы өз буйругу менен "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинен Алмазбек Ногойбаевди бошоткон.

Жаңы дайындалган жетекчи Канатбек Абдыкеримов буга чейин аталган ишкананын темир жолдорду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын директору болуп иштеген.

Канатбек Абдыкеримов 1967-жылы 20-майда жарык дүйнөгө келген. Кыргыз агрардык университетинин "уюштуруу жана башкаруу инженери" бөлүмүн, Москвадагы ветеринардык академиясынын "зооинженер" бөлүмүн аяктаган.

Эмгек жолу:

1991-1993-жылдары - "Азия Инвест" компаниясынын менеджери;

1993-1997-жылдары - "Таалай" фирмасынын директорунун орун басары;

1997-1999-жылдары - Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясынын соода-сатык, кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси;

1999-2001-жылдары - "Таалай" фирмасынын генералдык директорунун орун басары;

2001-2008-жылдары - Өкмөттүн аппаратындагы курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн эксперти;

2008-2018-жылдары - "Кыргыз темир жол" темир жолдорду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын директору болуп иштеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
02.10.2018. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайра эле кыргыз темир жолу ишканасынын акча кымырган системасынын бир болугундо иштеген немени коюшуптур, жаны мурда бул тармакта иштебеген бирок ушул тармак боюнча билими кучтуу адис керек болчу, ногойбаевтин коррупциялык схемасын жок кылат эле, мноол ногойбаевтин системасын оркундотко кайра
02.10.2018. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ногойбаевдин кызматтан алынганы жакшы болду Атамбаевге таянып алып өз билгенин жазачы. Ногойбаев Раим миллион сыяктуу Атамбаевдин капчыгы болчу. Канча жаман сөздөр айтылсада тоготпогондой мамиле жазап келген.
02.10.2018. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тажрыйбасы бар жетекчи дайындалыптыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: