super.kg logo
  Саясат  

Депутат Алтынбек Сулайманов жеңил кылмыш жасагандарды эркинен ажыратпай, айып пул салуу керектигин айтты

 

Бүгүн, 2-октябрда "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов жеңил кылмыш жасагандарды эркинен ажыратпай, айып пул салуу керектигин айтты.

“Кокустан кылмыш кылып алгандар, жеңил кылмыш жасагандар бар. Аларды эркинен ажыратуу туура эмес. Түрмөдөн чыккандар оңолот дегенге ишене бербейм. Жаштар майда кылмыш жасап, түрмөдөн чоң кылмышкер болуп чыгып жатат”, - деди Алтынбек Сулайманов.

Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева депутаттын сунушуна 100 пайыз кошула турганын айтты. "Жеңил кылмыш жасагандарды эркинен ажыратуудан башка чараларды колдонуу боюнча учурда кодекстерге өзгөртүү киргизүү мыйзам долбоорлору иштелип жатат. Ал эми оор кылмыш жасагандар боюнча айла жок, алар эркинен ажыратылышы керек”, - деди Калиева.

Учурда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын көбөйтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: