super.kg logo

Технологиялар жана байланыш комитети: "Коопсуз шаарды" ишке ашырчу компания АКШнын "кара тизмесинде" жок экени такталды"

 

"Коопсуз шаарды" ишке ашырчу орусиялык "Концерн радиостроения "ВЕГА" компаниясы АКШ менен Канаданын "кара тизмесине" кирген эмес. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 2-октябрда Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети тастыктады. Мекеменин басма сөз катчысы Зирек Асанова бул маалымат аталган компания тарабынан такталганын белгиледи.

"Концерн радиостроения "ВЕГА" компаниясы АКШ менен Канаданын санкциясына кабылган орусиялык компаниялардын катарында эмес. Биз бул маалыматты тактадык. Воронеж шаарындагы ушундай эле аталыштагы "Vega" деген илим изилдөө институту бар экен. Ал компанияга санкция киргизилиптир. Тактап айтканда, эки компания эки башка юридикалык компания болуп саналат", - деди Асанова.

Ал эми "Концерн радиостроения "ВЕГА" компаниясы менен байланышуу аракетин көрүп, бирок азырынча расмий жооп боло элек.

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруучу компанияны тандоо боюнча аукцион 4-сентябрда эки торук менен өтүп, жыйынтыгында "Концерн радиостроения "ВЕГА" компаниясы жеңүүчү аталган. Учурда ишти баштоо үчүн эки тараптуу келишимге кол коюу аракети жүрүп жатат.

"Коопсуз шаар" "Акылдуу шаар" долбоорунун бир тармагы болуп саналат. Аталган идея 2012-жылдан бери түрдүү себептерден улам ишке ашпай келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
02.10.2018. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
6 жылдан бери ушул долбоорду ишке ашыра албай жүрүшөт жүдөп-какашып,чечкинсиз баардык жерде чиновниктер, 6 айда иштетип коймок Өзбекстан же Казакстан болгондо.
02.10.2018. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз АКШ га карап иш кылып калганбызбы
02.10.2018. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Коопсуз шаар АКШга керек окшойтда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: