Ош. Сулайман тоо, андагы музей жана өзгөчө көрүнүштөр...
Сулайман тоонун чыгыш тараптан көрүнүшү

Сулайман тоонун чыгыш тараптан көрүнүшү

Сулайман тоонун кире беришинде атайын тактайчага бул ыйык тоодо жүрүүнүн эрежелери жазылган

Сулайман тоонун кире бериши. Бул жасалга чөйчөктөн ырыскынын төгүлүп турганын түшүндүрөт

Сулайман тоонун кире бериши

Сулайман тоого ушул тепкичтер менен чыгасыз

Сулайман тоого алып чыкчу жол

Сулайман тоого алып чыкчу жол

Сулайман тоого алып чыкчу жол

Тоого чыккандардын саны үзүлбөйт

Ош шаарынын борбордук бөлүгү. Башкы пландагы чоң имарат - Т.Сатылганов атындагы облустук китепкана

Тоого чыгып бара жаткан жолдон шаардын түндүк-чыгыш тарабынын көрүнүшү

Тоого чыккандардын саны үзүлбөйт

Тоого чыгып бара жатып чарчагандар үчү бул отургуч даяр

Тоого чыгып бара жаткан жолдон Ош шаарынын түндүк тарабынын көрүнүшү

Тепкичтер аркылуу тоонун ушул чокусуна чыгасыз

Тепкичтер аркылуу тоонун ушул чокусуна чыгасыз

Тоого таң эрте аскерлер машыгуу үчүн чуркап чыгышат

Бул дүрбү менен шаардын каалаган бөлүгүн көз алдыга алып келип көрүүгө болот

Ош шаарынын борбордук бөлүгү

Тепкичтер аркылуу тоонун ушул чокусуна чыгасыз

Тоонун чокусунда мамлекеттик туу күнү-түнү желбиреп турат

Тепкичтер аркылуу тоонун ушул чокусуна чыгасыз

Эс алуучулар үчүн тоонун башында балмуздак менен суусундуктун түрлөрү сатылат

Тоонун чокусундагы Бабурдун үйү - реконструкцияланган бир бөлмөлүү мечит Имарат XV кылымга таандык. Акыркы жолу 1963-жылы бузулуп, 1989-жылы жергиликтүү элдин демилгеси менен эски сүрөттүн негизинде кайрадан курулган.

Сулайман тоонун башка бөлүгүнө өтүү үчүн да кыйла жол басууга туура келет

Сулайман тоонун башка бөлүгүнө өтүү үчүн да кыйла жол басууга туура келет. Арткы планда Ош шаарынын батыш тарабы

Тамчы-тамар. Тоонун түштүк тарабында жайгашкан, узундугу 8 метр. Бул жерге келип сыйынгандар тукумсуздуктан жана көз оорудан сакаят деген ишеним бар

Тамчы-тамар. Тоонун түштүк тарабында жайгашкан, узундугу 8 метр. Бул жерге келип сыйынгандар тукумсуздуктан жана көз оорудан сакаят деген ишеним бар

Бел таш. Тоонун түштүк тарабында жайгашкан. Узуну 3 метр келген сыйгалак таш. Бел таштан бели, бөйрөгү ооруган адамдар 7 жолу сыйгаланып түшүшөт. Ден соолугу начар, жашы өтүп калган адамдар 3 же 1 ирет сыйгаланууга тийиш деген ишеним бар

Кол таш. Тоонун түштүк тарабында жайгашкан. Оозунда майда оюкчалар көп. Зыярытка келгендер ооруган колун салып, ичинен дуба кылышат. “Жакшылап көңүл бурган адам манжаларынын учу чымыраганын сезет” деп айтылат

Эне-Бешик. Тоонун түштүк капталында жайгашкан, узундугу 2 метрдей болгон уюкча. "Бешик энеге" балалуу болбой жүргөндөр көп келишет. Андагы көзөнөк ташты эки колу менен кармап, маңдайын ага тийгизип, ичинен тилек тилешет

"Кырк чилтен үңкүрү" - уламышта бул үңкүргө жигит пири Шаймерден түнөп кеткендиги айтылат. Жоокерчилик заманда жоого аттанган эр-жигиттер ушул жерге сыйынышчу экен. Учурда бул жакка жоокерлер да келишип зыярат кылып турушат

"Чакка тамар үңкүрү" - «Чакатамар» сөзү “тамчы” дегенди билдирет. Бул үңкүр барган адам үчүн таңкалычтуу, сүрдүү. Ал жерге кирчү жол өтө кууш. Бир адам батчу тар жол менен сойлоп киресиз. Шам жакса ичинен ачылып турган китеп сыяктуу таш көрүнөт. Аалымдар анда курандын “Аятолл курси” аятынан үзүндү бар экендигин айтышат. Жазында үңкүрдүн төбөсүнөн тамчы тамып турат. Жайында боорун сыйпаласа кол нымдашып калат. Тамчынын дарылык касиети бар дешет.

"Чакка тамар үңкүрүнүн" ички көрүнүшү

"Эшен үңкүр". (көпчүлүк “ой жүгүртүүгө арналган үңкүр” деп коюшат). Мунун үч көзөнөгү бар

Эшен үңкүр деген атка ээ (элдер “ой жүгүртүүгө арналган үңкүр” дешет). Мунун үч көзөнөгү бар.

"Эшен үңкүр". (көпчүлүк “ой жүгүртүүгө арналган үңкүр” деп коюшат). Мунун үч көзөнөгү бар

"Эшен үңкүрдүн" көрүнүшү

"Эшен үңкүрдүн" көрүнүшү

Сулайман тоо сүйүшкөндөр үчүн сырдашууга да орун бөлүп берет...

Бул жер "Тепе үңкүр" деп аталат (бийиктеги үңкүр)

Сулайман тоодогу музей. Таштын боорунда жайгашкан музейге төмөн жактагы эшигинен кирип, ичиндеги тепкичтер аркылуу көтөрүлүп үстүңкү эшигинен чыгасыз.

Сулайман тоодогу музей. Таштын боорунда жайгашкан музейге төмөн жактагы эшигинен кирип, ичиндеги тепкичтер аркылуу көтөрүлүп үстүңкү эшигинен чыгасыз

Музейдин кире бериши. Эл үзүлбөйт

Музейдин кире бериши

Музейдин кире бериши

Музейдин ичи. Мында V-XIX кылымдарга таандык буюм-тайымдар, байыркы адамдардын жасалма келбеттери жана жаныбарлардын катырылган денелери бар

Музейдин ичинде ушундай бөлмөлөр да жайгашкан. Бирок учурда эшиктер кулпулануу

Музейдин ичи. Мында V-XIX кылымдарга таандык буюм-тайымдар, байыркы адамдардын жасалма келбеттери жана жаныбарлардын катырылган денелери бар

Музейдин ичи. Мында V-XIX кылымдарга таандык буюм-тайымдар, байыркы адамдардын жасалма келбеттери жана жаныбарлардын катырылган денелери бар

Музейдин ички көрүнүшүнөн бир кадр

Байыркы кыргыздардын көрүстөнүнүн көрүнүшү VII-X кылымдар

Башкы-кыргыз эркек шаманы

Музейдин ичинде V-XIX кылымдарга таандык буюм тайымдар, адамдардын эстеликтери жана жаныбарлардын катырылган денелери бар.

Байыркы буюм-тайымдар ушинтип сакталууда

Будданын айкели

Байыркы доордон бир көрүнүш

Байыркы доордон бир көрүнүш

Ата-бабаларыбыз колдонгон буюм-тайымдар - бүгүнкү күндүн эң кымбат белеги

Ата-бабаларыбыз колдонгон буюм-тайымдар - бүгүнкү күндүн эң кымбат белеги

Алгачкы искусствонун жаралышын чагылдырган эстеликтер

Неандертал - баланы жерге көмүү жөрөлгөсү

Музейдин ичинен ушул тепкичтер аркылуу жогору көтөрүлөсүз

Музейдин ичинен ушул тепкичтер аркылуу жогору көтөрүлөсүз

Музейдин ичинен ушул тепкичтер аркылуу жогору көтөрүлөсүз. Тепкичтердин эки капталында жаныбарлардын катырылган денелери коюлган

Аркардын катырылган денеси

Доңуздун катырылган денеси

Тоо текенин катырылган денеси

Ак кажылдын катырылган денеси

Тянь-Шань күрөң аюусу

Чүткөр

Кашкулак

Музейдин экинчи кабатындагы кенен жай. Таш бооруна катырылган канаттуудардын денелери коюлган

Музейдин экинчи кабатындагы кенен жай. Таш бооруна катырылган канаттуудардын денелери коюлган

Байыркы кыргыздарга таандык болгон кумган

Байыркы кыргыздарга таандык болгон кумган

Байыркы кыргыздарга таандык болгон үй буюмдары

Музейдин үстүңкү кабатынан ушул тепкичтер аркылуу төмөн түшөсүз

Музейдин үстүңкү кабатында шаарды карап туруу үчүн атайын орун жасалган

Музейдин үстүңкү кабатында шаарды карап туруу үчүн атайын орун жасалган

Музейдин үстүңкү кабатында шаарды карап туруу үчүн атайын орун жасалган

Зыярат кылып келгендерге бата берүү үчүн атайын молдолор отурушат
Сулайман тоо - Ош шаарынын чок ортосунан орун алган шаардык тарыхый символ. Тоонун узундугу 1140 метр болсо, туурасы – 560 метр. Чокусу шаардын деңгээлинен 300-350 метр бийик. Туристтерди көп тарткан шаардагы эң көрүнүктүү аймак. Расмий маалыматтар боюнча, бул жерге сыйынганы келгендердин саны жылына 19-21 миң адамды түзөт. Тоодон Ош шаары алаканга салгандай даана көрүнөт, калганын төмөнкү сүрөттөрдөн көрүңүз, окурман.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
7