super.kg logo

Лунара Мамытова дипломатиялык паспортту колдонгону боюнча Башкы прокуратурага чакырылды

 

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилери дипломатиялык паспортторду колдонгондугу боюнча Башкы прокуратурага чакырылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда SUPER.KGˊге аталган министрликтин башчысынын орун басары Лунара Мамытова билдирди.

Анын айтымында, башкы көзөмөл органы министрликтин жетекчилеринен Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиеванын сөзүнүн негизинде түшүндүрмө берүүнү суранган.

“Башкы прокуратурага биздин министрликтин жетекчилери чакырылган. Мен дагы бардым. Ал жерде эч кандай текшерүү болгон жок. Болгону кызматтык жана дипломатиялык паспортторду колдонгондугубуз боюнча түшүндүрмө бердик. Депутат айым айткандан кийин аталган орган түшүндүрмө алууга акылуу. Бул иш боюнча прокуратура өз иликтөөсүн аяктаган соң бул иштин жыйынтыгы белгилүү болот. Азыр ар ким өз жумушун жасап жатат”, - деди Мамытова.

24-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Аида Касымалиева эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри, анын орун басары Лунара Мамытова чет өлкөгө чыгууда көпчүлүк учурда дипломатиялык паспортту колдоно турганын билдирген. Кийин аталган министрлик Лунара Мамытованын чет мамлекетке чыкканы боюнча түшүндүрмө берген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
02.10.2018. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Жооп берсин пенсионерлерди мазактагансып заграницага тур агенство аркылуу чыкканга жетет пенсиянар деп. Тооба тооба байды кудай ураарда оз элине кас болот деп элдин акчасын жеп, тайрандап чет жакта эс алып эми байкуш эки мешок унга жетпеген пенсионерлерди мазактайт...
02.10.2018. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Озунун ата апасы саякаттап журсо керек да.Элдин баарын ошолордой сезип алыптыр
02.10.2018. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Дипломатиялык паспортту колдонгону, жумуш убактысында мыйзамда корсотулгондон коп жолу эмгек оргуусун алышканы, Казынанын эсебинен сыртка саякатка чыккандары, тышта оздорун талапка ылайык алып журбогону учун социалдык коргоо министри жана анын эки орун басары, Каденова менен Мамытова жумуштан бошотулушу керек, Окмоттон иштеткен ар бир акчаны казынага кайтаруулары керек жана мыйзам чегинде 1-2 жылга жатак абакка камалышы керек булар...

Эй Соке, уктунбу?!!
03.10.2018. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мамытова жооп берсин!Королукчу бийликтин таза иштегенин....
03.10.2018. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Зууракан Каденова да, Таалайкүл Исакунова да, Лунара Мамытова да экс-президент Алмазбек Атамбаевдин убагында дос-тааныштык принциптин негизинде кызматтарга отурушкан. “Саякатчы бакалар” негизинен 2017-жылы көп саякатташканы көрүнүп турат. Жардылыктын азабын тартышкан кедей-кембагалдардын, камкордуксуз наристелердин, майып-мунжулардын насиптерине саякаттаган, үй-бүлөлөрү менен шаан-шөкөттүү, берекелүү жашоо курган бул чиновник айымдар эски-бийлик тушунда каалаганын кылып, чалчактап турушкан.
03.10.2018. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Natun, Жээнбеков бийликке келгенден бери абал озгоруп кеткен жок. Каяктагы коррупционерлерди кызматка коюп жатат... Атамбаев убагында Кыргызстан кандай сазга баткан олко болсо, азыр да ошол таз кейпинде...
03.10.2018. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эгер чынында эле дипломаттык паспортту ашкере колдонуу фактысы анда мыйзам алдында жооп бериши керек.
03.10.2018. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тез-тез эле отпускага чыгып, командировкада жургондору тан калтырат.Башка сотрудниктери жокпу?Туура эмес суйлоо адамдын эн жаман касиети. Пенсияларды озгортуу менен алек болсо, абдан кубанычта болот элек.
03.10.2018. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bul aiymga okshogon okmotto ishtegender eldin akchasyna, chet mamleketten kelgen jardam akchalarga sayakattap, chet mamleketke okuularga baryshyp jyrgap ele jurushot. Bul aiym diktorluktu chanyp, kesibi tuura kelbese da bir ministrlikti jetektep oturbaiby. Emne deibiz, Kyrgyzstanda jashoo jargal.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: