super.kg logo
  Саясат  

Миграция кызматынын башчысынын мурдагы орун басары: "Сапар Исаковду колдогонум үчүн мени кызматтан кетиришти"

 

"Сапар Исаковду колдогон комментарийим мени кызматтан кетирүүгө себеп болду", - деп бүгүн, 2-октябрда Мамлекеттик миграция кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Алмаз Асанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Сапар Исаков экинчи Исхак Раззаков боло алат деп жазгам. Анткени ал коомдун тазалыгы үчүн күрөшкөн. Мени колдогондор көп болду, алар мени кызматтан кетирүүгө эмне себеп болгонун аныкташты. Көрсө, мен Сапар Исаковду Манастын деңгээлине көтөрүпмүн. Ага каршы күрөш жүрүп жатканда мындай кылганга болбойт экен", - дейт Асанбаев.

"Биз баарыбыз Сапар кандай тирешке кабылганына күбө болдук. Бирок ал бийликти толук пайдалана алган жок жана Алмазбек Атамбаевдин суранычтарынан баш тарта албады. Кадр саясаты тоскоол болуп калды. Сооронбай Жээнбековдун саясаты боюнча иштеп, бийликти мындан ары бекемдөө зарыл экенин түшүнүшү керек болчу. Бирок биз кадр башаламандыгын жана президенттик бийликтин аброю коркунучта экенин көрдүк. Мындайга жол берилбеши керек эле, ошондуктан Жогорку Кеңеш муну кынтыксыз кабыл алды. Сапар Исаковго караганда депутаттардын көбү коркушат, алардын жогото турган нерселери көп, бардык былыктары документтештирилген жана папкаларга салынган. Демек, тиреш терс жыйынтыктарга алып келмек, парламенттин тарап кетүүсүнө жеткириши мүмкүн эле", - деп жазды Асанбаев.

Эске салсак, Алмаз Асанбаев 2018-жылдын май айында Мамлекеттик миграция кызматынын башчысынын орун басары кызматынан бошотулган. Бул кызматка ал 2016-жылы январь айында дайындалган.

Сапар Исаков 26-апрелде Бишкек ЖЭБи боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКда сурак берген. Ал "Бишкек ЖЭБи боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт" деп билдирген. 14-майда Сапар Исаков экинчи жолу суракка барган. Анда УКМКга кирип баратып "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан. 29-май күнү Исаковго "коррупция" беренеси менен айып тагылган. 5-июнда Сапар Исаков УКМКга бешинчи ирет суракка чакырылып, ошол күнү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: