Талант Мамытов: “Жогорку Сот бизди күнөөлүү деп тапса, эл аралык сотторго кайрылабыз”
“Эгерде Жогорку Сот бизди камоо чечимин чыгарса анда эл аралык сотторго кайрылабыз”,- деди депутат Талант Мамытов бүгүн, 5-июлда маалымат жыйында. Айтымында, Жогорку Сот адилет өкүм чыгарарына депутаттар азырынча ишенет. “Себеби биздин колдо жетиштүү далилдер бар, бийликти басып алганга аракет кылган эмеспиз. Жогорку Сот бизди камоо тууралуу чечим чыгарса бир канча убак өткөн соң биз кайра акталабыз, себеби биз эч кандай кылмыш кылган жокпуз. “Кумтөр” маселесин гана көтөрүп чыкканбыз”,- деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
2

