Өзгөндө жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден өтүп бараткан аялды айдоочу унаасы менен өлтүрө сүзгөн. Учурда аялдын ким экендиги аныктала элек
Ош облусунун Өзгөн районунда жолдон өтүп бараткан аялды жеңил унаа өлтүрө сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 1-октябрда, саат 22:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 632-чакырымында, тактап айтканда, Куршаб айылынын чыга беришинде катталган.
"Кырсыктан 40-45 жаштар чамасындагы азиат түспөлүндөгү аял каза болду. Унаа аны жөө адамдар өтүүчү тилкеден өтүп баратканда сүзгөн. Жабырлануучу алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерден каза болгон. Бул окуя боюнча Өзгөн РИИБинин кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүп, шектүү айдоочуну кармашкан. Ал 47 жаштагы Өзгөн районунун тургуну экени аныкталды. Айдоочу аялды Toyota Harrier үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүп алган", - деди маалымат катчы.
Учурда айдоочунун баш коргоо чарасы каралып, унаасы айып аянтына токтотулган. Азырынча маркум аялдын аты-жөнү тактала электигин басма сөз кызматкери кошумчалады.
кошулду

https://www.super.kg/mobile/kabar/news/247429/ супер инфонун журналиси макаланы жазганда кичине абайлап жазсанар. Атайлап олтуро сузгондой жазыпсынар. Макаланы окуганда бир аз ынгайсыз болот экен. (Олтуро деген созунор).
Пешеход болгон сон акырын айдоо керек, кун болобу, тун болобу?! Куршабдын ичинде саатына 60кмден ашырбай айдоо керек. Пешеходдорго жеткенде ылдамдыкты азайтуу керек. Туну шумахер болуп машинеси менен учкан да, айыл ичинде бара жатканын элес албай... Ошол учун катуу келип олтуро сузгон. Калп болсо айт?!!