super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча Кыргыз олимпиадалык курама командасынын оюнчусу Алимардон Шукуров Испаниянын чемпиондугунда ойнойт

 

Футбол боюнча Кыргыз олимпиадалык курама командасынын оюнчусу Алимардон Шукуров Испаниянын чемпиондугунда ойнойт. Бул тууралуу футболчу SUPER.KG порталына айтып берди.

Анын айтымында, ал август-сентябрь айларында испаниялык "Сан Себастьян" футболдук клубунда машыгууларды жүргүздү.

"Сан Себастьян" футболдук клубунда машыгууларды өткөрдүм. Анын алкагында 4 жолдоштук беттешке катышып, команда менен машыгууларды жүргүзүп жүрдүм. Жыйындар бүткөн соң машыктыруучу мени командага кабыл алды. Бирок азырынча "Сан Себастьян" менен келишим түзүү үчүн виза маселесин чечүү керек болуп жатат. Испанияга бара жатканымда 1 айга виза ачылган, бирок 2 айга жакын убакыт жүрүп калганым үчүн азыр көйгөй жаралууда", - дейт Шукуров.

Алимардон Шукуров ойной турган "Сан Себастьян" футболдук клубу Испаниянын Сегунда "В" лигасында оюн жүргүзөт. Сегунда "В" күчтүүлүгү боюнча Испаниядагы 3-лига, бул лигада жалпы 80 команда күч сынашып, 4 тайпага бөлүнгөн. Мелдештин жыйынтыгында ар бир тайпадан 4 алдыңкы команда плей-офф баскычына өтөт. Плей-оффтун жыйынтыгында алдыңкы 4 команда Сегунда лигасына жолдомо алат.

Азыркы тапта "Сан Себастьян" футболдук клубу Сегунда "В" лигасынын 1-тайпасында күч сынашууда. 6 турдун жыйынтыгында "Сан Себастьян" 9 упай менен 9-орунду ээлеп келүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: