super.kg logo

Түркмөнстанда ар бир мугалим мамлекетке 200 килограммдан темир топтоп берүүгө милдеттендирилди

 

Түркмөнстанда мектеп мугалимдери, ошондой эле айыл чарба тармагындагы кызматкерлер мамлекетке темир тапшырууга милдеттендирилди. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы жазды.

Маалыматка караганда, билим берүү жана айыл чарба тармагында иштеген ар бир кызматкер мамлекеттик металлургия заводуна 200 килограммдан темир тапшырууга милдеттүү. Облус жетекчилери мындай талапты аталган тармактардын сентябрь жана октябрь айлары үчүн планы катары бекитишти.

Мугалимдердин айтымында, бош убактыларында алар таштандыдан, тааныштарынын үйүнөн темир издеп, айрымдары окуучулардан жардам сурашууда.

"Азыр биз сабактардан кийин таштандылардын арасынан темир издеп жатабыз. Үйдө темирден жасалган эч нерсе калган эмес. Айрым мугалимдер окуучуларынан жок дегенде үч килограммдан алып келип берүүнү өтүнүп жатышат", - деген Йыланлы районунда иштеген мугалимдердин бири. Мындан тышкары Дашөгүз облусундагы айыл чарба кызматкерлери темир тапшыруу планын аткаруу үчүн эски техникалардын бөлүктөрүн пайдаланып, алардын темир тетиктерин ала башташкан.

Азырынча аталган кызмат мамлекеттик органдардан бул тапшырманы тактай электиги жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(9)
03.10.2018. 08:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мына кызык тообо
03.10.2018. 08:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бизде ушундай болгондо качан эле таш баранга алсак керек эле
03.10.2018. 08:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мээден кеткен. Психиатриядан жакшы эле жабыркаган киши деп журушпойбу. Кудайым сактасын. Сокеханга ыйман тилеймин.
03.10.2018. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Буларды да биздикине окшогон "жегичтер"башкарат го,акыбалга карабай эле 5жыл ичинде онуккон олколордун "алдысы"болобуз дегендер
03.10.2018. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мындай бизе болгон СССР убагында темир жана Соок чогултуп мектепке алып барчубуз.
03.10.2018. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lintel,сөөк??
03.10.2018. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lintel,туура окуучулар биз мектепке темир чогултканбыз.
03.10.2018. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сср де темир жон эле жаткан ар жерде
03.10.2018. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баягы Туркменистан сонун деп шилекейи аккандар барып жашагыла.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: