super.kg logo

Ош шаарында кырсыктардын тобокелин азайтууга арналган иш-чарада "Жаш куткаруучу" сынагы өттү

 

Ош шаарында кырсыктардын тобокелин азайтууга арналган иш-чарада "Жаш куткаруучу" сынагы өттү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады.

Белгилүү болгондой, сынакта студенттер эки командага бөлүнүп өрт-куткаруу иштери боюнча эстафеталык жарыштарды көрсөтүштү. Сынактын жыйынтыгында жеңген командаларга сыйлуу белектер тапшырылды.

"Сынактын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Азамат МамбетовгоЛенин” атындагы орто мектептин окуучусу “Мен да келечекте куткаруучу болгум келет” деп өз колу менен жасаган тик учактын макетин белекке берди. Андан кийин ӨКМнын Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын өздүк курамы куткаруучулардын кол менен мушташ ыкмаларын көргөзүп беришти. Ошондой эле мектеп окуучулары үчүн, Бириккен улуттар уюмунун жаш балдар менен иштөө бөлүмү тарабынан өспүрүм мектеп окуучулары үчүн уюштурулган, “Кырсыктардын тобокелдигин кыскартууга” арналган тасма көрсөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: