ЖЫЛНААМА, 3-ОКТЯБРЬ: Мыкты, "кооз" голдорду жараткан атактуу футболчу Златан Ибрагимович 37 жашка толду
Футбол чөйрөсүндө бир нече "кооз" голдор менен атактуу болгон футболчулардын бири Златан Ибрагимович 37 жашка толду. Ал 1981-жылы 3-октябрда Швециянын Мальмё шаарында жарык дүйнөгө келген. Ибрагимович 21-кылымдын эң ийгиликтүү футболчусу болуп саналат.Златан Швециянын Мальме шаарында төрөлгөн. Анын ата-энеси эки башка дин кабыл алгандардан: атасы ислам динин кабыл алса, апасы христиан болгон. Бирок Златан Ибрагимович аталган диндердин бирөөнү да тутунган эмес. Анын ата-энесинин мамилеси келишпей ажырашып кетишкенде футболчу 2 жашта болчу. Мындан улам Златан апасы менен жашап келген.

Бирок “Ювентуста” футболчунун карьерасы жогору көтөрүлбөгөнү үчүн ал 2006-жылы карьерасын “Интер” футболдук клубунда улантат. “Интер” клубунда Ибрагимович Европанын чыныгы жылдызы болот. 3 жылдын ичинде Златан Ибрагимович “А” сериясынын мыкты чабуулчусу болуп, 66 гол киргизгенге жетишет. Муну менен “Интернационале” командасы Италия чемпиондугун 3 жолу багындырып жана Италия суперкубогун 2 жолу багындырган.


2016-жылы Златан Ибрагимович англиялык “Манчестер Юнайтед” клубуна өтүп карьерасын улантат. 28 оюндун жыйынтыгында Ибрагимович 17 гол киргизгенге жетишет. 2017-жылдын 21-апрелинде футболчу Европа Лигасынын чейрек финалдык беттешинде жаракат алып оюн талаасын таштаганга мажбур болот. Мындан улам чет өлкөлүк басылмалар “футболчу карьерасын таштайт” деген маалыматтарды жазып чыгарышкан. Бирок 24-августта “Манчестер Юнайтед” Златан Ибрагимович менен кайрадан келишим түзүлгөнүн маалымдаган.
Ал эми ушул жылдын март айында эки тараптын тең макулдугу менен "Манчестер Юнайтед" футболдук клубу менен болгон келишимин бузган. "Клубдун өнүгүп-өсүшүнө кошкон салымы үчүн жалпы команда ага ыраазычылык билдирип, ийгилик каалайт", - деп клубдун расмий сайтында жарыяланган. Ал "Манчестер Юнайтед" футболдук клубунун курамына 2016-2017-сезондун башында эркин агент катары кирген. Ал клубдун курамында жалпы 46 беттеш өткөрүп, 28 гол киргизген. Ал эми 2017-2018-сезонунда футболчу алган жаракатынан улам 7 беттеш өткөрүп, 1 гол гана киргизе алган.Златан Ибрагимович футболдук карьерасынан тышкары кайрымдуулук иштери менен алектенет. 2015-жылы оюн учурунда майкасын чечип, денесиндеги 50 ачкачылыкка учураган баланын ысымын көргөзгөн. Бул кыймылы менен Ибрагимович коомчулуктун көңүлүн глобалдык көйгөйгө бурган.
Бош убактысында Златан Ибрагимович өзүнүн автобиографиялык “Мен - Златан” китеби менен алек болгон.
Ал эми 2015-жылы футболчу “Златан: Башталыш” биографиялык кинотасмасына тартылган. Андан тышкары Ибрагимович беш тилди суудай билет.
Златан Ибрагимович швециялык актриса жана фотомодель Хелен Сегер менен баш кошкон. Хелен Златандан 11 жаш улуу. Златан 12 жаштагы Максимилиан жана 10 жаштагы Винсенттин атасы.
3-октябрга карата жылнаама.
