super.kg logo

Парламент Бишкек ЖЭБи боюнча УКМК, Башкы прокуратуранын маалыматын угат

 

Парламент Бишкек ЖЭБи боюнча УКМК, Башкы прокуратура жана Эсептөө палатасынын маалыматын угат. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда парламенттин жыйынында белгилүү болду.

Депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов октябрь айындагы планга ЖЭБ боюнча маалымат угууну сунуш кылды.

"Биз май айында токтом долбоорун кабыл алганбыз. Токтомго ылайык тийиштүү органдар 3 айлык мөөнөттөн кийин маалымат бериш керек эле. Бүгүн 4 ай убакыт өттү. Ошол себептен ал маселенин октябрь айынын күн тартибине киргизип, УКМК, Башкы прокуратура жана Эсептөө палатасынын жетекчилерин чакырып жыйынтыгы жөнүндө, иштердин аткарылып жатышы тууралуу маалымат угууну сунуш кылам", - деди Примов.

Сунуш депутаттар тарабынан колдоо тапты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
03.10.2018. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу ири коррупциялык көрүнүштөрдөн кийин кыргызстандыктар акыркы алты жыл аралыгында жасалган жана жасалып аткан долбоорлордон да шектенип калышканын жашырууга болбойт. Мындай шектенүү бекеринен жаралып жатпаганы да белгилүү болуп турат. Себеби, ТЭЦтен кийин эле Тарых музейиндеги коррупция оркоюп чыга калды. Эми болсо, түндүк-түштүк альтернативалык жолунун курулушунан да коррупция жыттана баштады.
bekmirzach түзөттү 2018-10-03 10:52:47
03.10.2018. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ЖЭБ боюнча кимдер гана камалган жок. Президент бул ишке маани бербегенден далай жетекчилер суудан курук чыкмак. Жээнбековдун коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында ушундай коррупциялык иштердин бети ачылып жатат. Ушундай нукта коррупцияга каршы күрөш улуна берсе мамлекетибиз аз эле убакытта бутуна туруп кетет беле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: