super.kg logo

MegaPay мобилдик капчыгы: ыңгайлуу, жөнөкөй жана коопсуз

 

MegaPay сервиси MegaCom абоненттери үчүн мыкты табылга болуп калды десек болчудай. Абоненттер аталган сервистин жардамы менен саналуу секундалардын ичинде маанилүү маселелерин чече алат. Мобилдик тиркемеде коммуналдык, мобилдик байланыш, үй интернети жана телеберүү, айып пулдарды төлөө, оюндар, социалдык түйүндөр, такси сыяктуу 70тен ашык түрдүү кызматтар үчүн төлөм жүргүзүүгө болот. Мунун бардыгын үйдөн чыкпастан, кезек күтпөстөн жана комиссиясыз ишке ашырууга болот. MegaPay аркылуу төлөм жүргүзүүгө мүмкүн болгон сервистердин саны арбыган сайын, сервис заман талабына ылайыкташтырылып келүүдө.

Маселен, эми "Акнет" iTV санариптик телеберүүсүнүн кызматы үчүн акы төлөөдө төлөм маалыматтарын кол менен терип киргизүүнүн кажети жок. Бул үчүн «Акнет» компаниясынын инфопорталындагы жеке кабинетке кирип, смартфондун камерасынын жардамы менен QR-кодду MegaPay тиркемеси аркылуу скандап жана комиссиясыз аткарылган төлөмдү тастыктап коюу жетиштүү!

MegaPay менен колдонуу ары ыңгайлуу, ары коопсуз. Телефон шылуундарынын мыйзамга сыйбаган аракеттеринин алдын алуу үчүн сервисте SMS-код каралган. Тактап айтканда, акча каражаттарын эсептен чыгаруудан мурда абонентке кыска билдирүү келет, ал эми ансыз төлөмдү аткарууга мүмкүн болбойт.

Ыңгайлуу жана заманбап төлөм шайманы колдонууну каалайсызбы? Мобилдик телефонуңузга Google Play Market же App Store аркылуу MegaPay тиркемесин жүктөп алыңыз.

Толук маалыматты megacom.kg расмий сайтынан табууга болот.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: