super.kg logo
  Саясат  

Кечээ Кара-Балтада жаш ишкерлер үчүн медиа тур өткөрүлдү

 
Кечээ Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШнын агенттиги (USAID) Кара-Балта шаарындагы жаштар иштеткен ишканалар менен таанышуу үчүн медиа тур өткөрдү. Аталган агенттиктин «Jasa.kg» долбоору аркылуу колдоого алынган Эл аралык жаштар фондусу жаштарды бизнес жүргүзүүгө үйрөтүп келет. 2012-жылдын апрель-июнь айларында Жалал-Абад, Кара-Балта, Ош жана Бишкектин жаңы конуштарынан келген 350дөн ашуун жаштар айыл жергесинде ишкердикти өнүктүрүү боюнча курска катышып, өздөрүнүн бизнес- долбоорлорун тартуулашкан. Болжол менен 200гө жакын бизнес-долбоорлор каралып, алардын ичинен 31и тандалып, өздөрүнүн бизнесин өнүктүрүү үчүн 500 доллар өлчөмүндөгү каражат алышкан. Кара-Балтадагы бизнес-долбоордун бири кагаздан жасалчу көркөм чыгармаларга (рюше) арналган болсо, экинчиси англис тили боюнча өттү. Ишкердик курсунан өткөн Кара-Балта шаарынын студенти Азиза Халбекова грант алууга жетишкен өз долбоору тууралуу мындай дейт: “Биз рюше искусствосун коомчулукка жайылтабыз. Бул Европа өлкөлөрүндө кеңири тараган жана ал бул жердеги көптөгөн жаштарды бош убакытта кагаздан чыгармаларды жасоогo тартат”. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: