super.kg logo

Бишкекте жөө адамдарды унаа сүзгөн эки кырсыктын күнөөкөрлөрүнө жабырлануучулар тосмо арыз жазышты. Милиция арыздарды кабыл алган жок

 

Бишкекте жөө адамдар өтүүчү тилкеден өтүп бара жатып унаа сүзүп кеткен жабырлануучулар тосмо арыз жазып беришкенин Бишкек ШИИББинен тастыкташты. Тактап айтканда, унаа жана жөө жүргүнчүлөр катышкан 2 кырсык тең 24-сентябрда, эки башка учурда болгон.

Алардын бири саат 12:30 чамасында Юнусалиев жана Саманчин көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө адамдар өтүүчү тилкеден өтүп бараткан мектеп окуучусун сүзүп кеткен. Натыйжада 13 жаштагы бала ар түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген. Экинчи кырсык Махатма Ганди көчөсүндө орун алып, Мазда үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө адамдар өтүүчү тилкеден студент жигитти сүзүп кеткен. Натыйжада 20 жаштагы студент ар түрдүү жаракат алып ооруканага жеткирилген.

Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан белгилүү болгондой, эки факт боюнча жабырлануучулар айыпталуучуларга тосмо арыз жазып беришкен.

“Жабырлануучулар тосмо арыз жазып беришкени анык. Учурда тиешелүү экспертизалардын жыйынтыктары чыга элек, милиция бул арыздарды кабыл ала элек, тергөө иштери улантылып жатат”, - деп билдиришти шаардык милициядан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
04.10.2018. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тосмо арызды такыр кабыл албашы керек, айдоо укугунан ажыратып эки жылга жок дегенде жатак абака жапса башкаларвна да сабак болот эле
04.10.2018. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
taalay25,туура айтасын.тушунуктуу эле да ,жабырлануучулардын колуна акча карматты да тосмо арыз жаздырыш учун.арызын кабыл албай койсо экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: