super.kg logo

Мекемелер аралык комиссия Экотехинспекциядагы мыйзам бузуулар боюнча жооптуу адамдарга чара көрүүнү сунуштады

 

Мамэкотехинcпекциясынын мурдагы басма сөз катчысы тарабынан айтылган мыйзам бузууларды изилдөө үчүн түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы кабарлады.

"Анара Мамбеталиеваны кызматынан бошотуу чечими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен кабыл алынган. Бул тууралуу акт Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Анара Мамбеталиева айткан фактыларды изилдөөдө Экотехинспекция тарабынан бир топ мыйзам бузуулар аныкталганы айтылат.

"Мамбеталиеванын кайрылуусунда айтылган Экотехинспекциядагы мыйзам бузуулар, кемчиликтер кандайдыр бир деңгээлде аныкталды. Ушунун өзү эле Экотехинспекция жетекчилигинин милдеттерин аткаруудагы одоно кемчиликтеринин далили болуп саналат.

Аталган мекеме мамлекеттик сатып алуулар боюнча түзгөн келишиминин шарттары боюнча камсыздоочу тарап атайын жүк ташуучу 3 даана техниканы келишим түзгөн күндөн тартып 30 календардык күн аралыгында же болбосо 2018-жылдын 3-мартына чейин тапшырышы керек болчу. Бирок келишимдин шарттары камсыздоочу тарабынан аткарылган эмес жана бүгүнкү күнгө чейин көрсөтүлгөн автомашиналар жеткирилип берилген эмес.

Мындан сырткары маалыматта ушул сыяктуу бир топ мыйзамсыз фактылар айтылып, Башкы прокуратура тарабынан тийиштүү чара көрүү боюнча актылары киргизилгени белгиленген. Ошондой эле комиссия тарабынан аныкталган кемчиликтерди эске алуу менен мыйзам бузгандарды жоопко тартуу өкмөткө сунушталганы айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
03.10.2018. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анда мыйзам бузуулар болсо жазалагыла реальный срок берип а то мыйзам бузуулар болуптур аныкталды териштируу журуп жатат деп ункарып койбой.эжекебиз жон жерден ошончелик рисковать эткен жок да даже уй булосунун коопсуздугунан кечип койуп ушунун баарын айтып чыкты.не рыба не мясо болбой дан дан дан иштегилечи УГМКнын кызматкерлери.
03.10.2018. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туу чечим чыгарыптыр. Эми чекесинен камалып, жооп беришсин.Мыйзам алдында жоопко тартылсын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: