Өзгөндө жөө адамдар өтүүчү тилкеден өтүп баратканда унаа сүзүп каза болгон аялдын аты-жөнү такталды
Ош облусунун Өзгөн районунда жолдон өтүп бараткан учурда унаа сүзүп каза болгон аялдын аты-жөнү такталды. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнөн кабарлашты.
"Кырсыктан каза болгон Кара-Суу районунун 46 жаштагы тургуну А.З. аттуу аял экени аныкталды. Маркумдун жакындары анын сөөгүн Өзгөн райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жайынан алып кетишти", - деди аталган бөлүмдөн.
Эске салсак, 1-октябрь күнү саат 22:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 632-чакырымында, тактап айтканда, Куршаб айылынын чыга беришинде аялды катуу келе жаткан унаа өлтүрө сүзүп кеткен. Облустук милиция маркум аялдын ким экендиги такталбай жатканын айтып, маалымат тараткан.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.