super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондор Лигасы: Бүгүн "Тоттенхэм" өз талаасында "Барселонаны" кабыл алса, "Ливерпуль" конокто "Наполи" менен ойнойт

 

3-октябрдан 4-октябрга караган түнү Европадагы эң беделдүү футболдук мелдештин бири Чемпиондор Лигасынын 2-турунун кезектеги оюндары орун алат. Бул күнү 4 тайпадагы командалар өз ара беттешип турнирдик жадыбалда алдыңкы орундарга көтөрүлгөнгө аракет жасашат.

Күндүн башкы беттештери катары "Тоттенхэм"-"Барселона", "Наполи"-"Ливерпуль" жана "Локомотив"-"Шальке" клубдарынын ортосундагы оюндарды саноого болот.

"А" тайпасы:

"А" тайпасынын алкагында 2-турда "Боруссия"-"Монако" жана "Атлетико Мадрид"-"Брюгге" командаларынын беттеши орун алат. Бул тайпадагы жадыбалга көңүл бурсак 1-2-орунда 3 упайдан ээ "Атлетико Мадрид" менен "Боруссия", 3-4-орунда упайсыз "Монако" жана "Брюгге" командалары жайгашкан.

"Боруссия" (Германия) - "Монако" (Франция);

"Атлетико Мадрид" (Испания) - "Брюгге" (Бельгия);

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.

"В" тайпасы:

"В" тайпасында "Тоттенхэм" өз талаасында "Барселонаны" кабыл алса, "ПСВ" "Интер" менен ойнойт. Турнирдик жадыбалда 1-2-орунда 3 упайдан ээ "Барселона" менен "Интер" болсо, 3-4-орунда упайсыз "Тоттенхэм" менен "ПСВ" командалары орун алууда.

"Тоттенхэм" (Англия) - "Барселона" (Испания)

"ПСВ" (Голландия) - "Интер" (Италия)

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.

"С" тайпасы:

"С" тайпасында италиялык "Наполи" "Ливерпуль" менен кез келсе, "ПСЖ" "Црвена Звезда" менен беттешет. Бул тайпанын учурдагы турнирдик жадыбалында 1-орунда 3 упайга ээ "Ливерпуль" командасы болсо, 2-3-орунда 1 упайдан алган "Наполи" менен "Црвена Звезда" командалары орун алган. Ал эми 4-орунда упайсыз келе жаткан "ПСЖ" командасы жайгашкан.

"Наполи" (Италия) - "Ливерпуль" (Англия);

Бул беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:55те башталат.

"ПСЖ" (Франция) - "Црвена Звезда" (Сербия);

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.

"D" тайпасы:

"D" тайпасынын алкагында алгач "Ливерпуль" менен "Шальке" командалары кездешсе, "Порту" менен "Галатасарай" менен күч сынашат. Турнирдик жадыбалда 1-орунда 3 упай менен "Ливерпуль", 2-3-орунда 1ден упайга ээ "Шальке" менен "Порту" жана 4-орунда "ПСЖ" командасы жайгашкан.

"Локомотив" (Орусия) - "Шальке" (Германия);

Бул беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:55те башталат.

"Порту" (Португалия) - "Галатасарай" (Түркия);

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
03.10.2018. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Тоттенхем деген клуб Барселона деген клубду оңой эле 3-0 гө же 4-1 ге жеңсе керек.
03.10.2018. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
AIA-TOO,Мадыра баш
04.10.2018. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
AIA-TOO,не болдун тоттенхемин менен
03.10.2018. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Локомотив алга
04.10.2018. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тот2:4Барс уррааа
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: