super.kg logo
  Саясат  

Экс-депутат Мээрбек Мискенбаев: "Учурда чыныгы оппозиция - бул Алмазбек Атамбаев"

 

Сооронбай Жээнбековдун президент болгонуна бир жылга жетейин деп калды. Бул убакыт ичинде анын дарегине, ишмердүүлүгүнө сын айткан саясатчы же саясий күч байкала элек. SUPER.KG порталынын "Учурда чыныгы оппозициялык саясатчылар кимдер? Парламентте оппозиция барбы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев жооп берди. Ал учурда бийлик экс-президент Алмазбек Атамбаевди жамандоо менен алек деген пикирин айтты.

“Мурунку депутат катары айтсам, Жогорку Кеңеште оппозиция бар экенин байкаган эмесмин. Азыркы учурда баары бийлик тарапта болуп жатат. Президент Сооронбай Жээнбековду Алмазбек Атамбаев "досум" деп алып келген эле. Жээнбеков иш кылбай эле 25 жылдан бери достошуп жүргөн адамын бир жылдан бери жамандап келе жатат. Өзгөрүү жок, экономика артка кетти. Атамбаевди жамандоо менен ал абийир таппайт. Атамбаевди эч качан саясаттан чийе албайбыз. Менин оюмча, чыныгы оппозиция Атамбаев болот”, - деди Мискенбаев.

Саясатчы Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Жылдызкан Жолдошева, Асия Сасыкбаева, укук коргоочу Рита Карасартова, журналист Шайырбек Абдрахмандын пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: