super.kg logo

Ошто жатакананын терезесинен ымыркайын алып боюн таштаган келиндин жолдошу суракка алынды

 

Ош шаарындагы көп кабаттуу жатаканадан 7 айлык ымыркайы менен кошо боюн таштаган келин дагы деле ооруканада дарыланууда. Анын жолдошу суракка алынганын SUPER.KG'ге Ош ШИИБинин басма сөз кызматы маалымдады. Мекеменин басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, жолдошу сурак учурунда экөөнүн ортосунда эч кандай чыр-чатак болбогонун айтып берген.

"Келин жатаканадан секирген учурда спирт ичимдигин ичип алган. Ымыркайы менен секиргенге чейин да кошунасынын терезесинен секиргенге аракет кылган. Бирок алар келинди кармап калып, үйүнө кетирип жиберишкен. Андан кийин эжесинин кызын дүкөнгө сырага жиберип коюп анан терезеден секирип кеткен. Жолдошу суракка алынды. Анын айтымында, келинчеги Бишкек шаарында жүргөн кезде эле ичимдикти көбүрөөк иче баштаган. Мындан улам алар мурда дагы ажырашып, кайра жарашып жүрүшкөн экен", - деди Сыдыков.

Учурда 7 айлык ымыркай ооруканада жакындары тарабынан каралып жатканын кошумчалады.

Эске салсак, окуя 6-сентябрда саат 17:00 чамаларында Ош шаарындагы Черёмушки кичи районунда жайгашкан төрт кабаттуу жатаканада орун алган. Айрым маалыматтарда ымыркайы менен өз боюн таштаган келин жолдошу менен ажырашып, Ошто эжесинин үйүндө жашап жүргөн.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: