super.kg logo

WhatsApp тиркемесинде жарнамалар жайгаштырыла башташы мүмкүн

 

WhatsApp тиркемесинде жарнамалар жайгаштырыла башташы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, жарнамалык сүрөттөр, кыска видеолор ноябрь айынан тарта WhatsApp тиркемесинин сторис бөлүмүнө жайгашуусу мүмкүн. Жарнамалар жарыялангандан 24 саатка чейин колдонуучуларга көрүнүп турат. Тиркеменин кызматкерлеринин биринин билдирүүсү боюнча, бул маселе фейсбук компаниясынын жетекчилери тарабынан талкууланып жатканы чын, бирок азырынча бир чечим кабыл алына элек. Эгер жарнама аталган тиркемеге киргизиле турган болсо биринчи болуп iOS системинин колдонуучулары жабыркайт.

Белгилей кетсек, Фейсбук компаниясы WhatsApp тиркемесин 2014-жылы 19 миллиард 300 миллион долларга сатып алган. Айрым маалыматтар боюнча, компания WhatsApp тиркемесин сатып алганга чейин эле аны жарнамалык максатта колдонууну көздөгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.10.2018. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Каала,каалаба колдоносуң деген сөз да бул, Ватсап рекламасы жок жалгыз тиркеме деп жарнама кылчу эле, эми адамдарды өзүнө тартты, эмне киргизсе өз эрки дегендей...:)

Аа,супер силер деле 'тилпондун' ылдыйына жарнама жайгаштырып алыпсыңарго э? ))))))
Башка жактарга кирсең ошолор тажатчу эле, силердеда пайда болуп.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: