super.kg logo

Бишкекте жөө жүргүнчүлөрдүн жол кырсыктарына кабылуусун алдын алуу жана эскертүү максатында рейд жүрүүдө

 

Бүгүн, 4-октябрда Бишкек шаарында жөө жүргүнчүлөрдүн жол кырсыктарына кабылуусун алдын алуу жана эскертүү максатында "Жүргүнчү" аталышындагы рейд жүрүүдө.

Рейддин алкагында борбордогу мектептердин айланасында, эл көп топтолгон жайларда, аялдамаларда жолду кесип өтүү эрежелерин сактабаган жөө жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан унаа жолду бойлоп, өтмөктөн эмес, жолду кесип өткөн окуучу, улуу муундун өкүлдөрү токтотулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, айрымдарына эскертүү берилди.

"Мындай иш-чаралар маал-маалы менен өткөрүлүп турат. Акыркы кезде жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусундагы жол кырсыктары көп катталгандыгына байланыштуу, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Аларды жолдон өтүүдө тиешелүү эрежелерди сактоого чакырышат. Административдик жоопкерчилик кодексинин 235 жана 247-беренелеринин 1-бөлүмүнө ылайык, өтмөктөн өтүү эрежесин бузган айдоочуларга 1000 сом, ал эми жөө жүргүнчүлөргө болсо 500 сом өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилет", - деп билдирди аталган мекеменин басма сөз кызматынын ага-тескөөчүсү Жылдыз Тулеева.






Бишкекте жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарды алдын алуу жана эскертүү максатында рейд жүрүүдө

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: