Жүргүнчү аялга кол көтөргөн маршруттук таксинин айдоочусу кармалып, окуянын чоо-жайын айтып берди
Бишкек-Кара-Балта каттамындагы маршруттук таксиде жүргүнчү аялга кол көтөргөн айдоочу кармалып камакка алынды. Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашкандай, кармалган айдоочу Бишкек шаарынын 58 жаштагы К.К. аттуу тургуну болуп чыкты. Ал убактылуу кармоо жайында тергөөчүлөргө көрсөтмө берип жатып, жүргүнчү аялга кылган орой мамилесин моюнуна алып, андан кечирим сурады.
"Бишкек-Кара-Балта жолунда каттам жүргүзгөн "Хост" фирмасында иштейм. 1-октябрь күнү Кара-Балтадан Бишкекти көздөй келе жатканмын. Саат 11:30 чамаларында Александровка айылында радиом иштеп калды. Ошол учурда бир келин "катуурак айдабайсыңбы" деп калды. Андан кийин "кыргызча ырлардан койбойсуңбу" дегенинен "болгон радио ушул" десем, унаадан түшөм деди. Ал келин эки кишиге деп 100 сом берген эле 20 сом кайтарып бердим. 50 сом бересиң дегенде бербей туруп алсам, бетимди тытып алды. Мен токтоно албай калдым", - деп көрсөтмө берген айдоочу.
Учурда чогултулган материалдар Москва РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилип, тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми унаасы айып аянтчасына, өзү РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
кошулду
Айдоочу менен жүргүнчү аял чырдаша кетип, айдоочу ага кол көтөрдү
Жүргүнчү аялга кол көтөргөн айдоочунун көрсөтмөсү

Ажылдаган ушундай аялга түткөн күйөөсүн тоо деш керек. Айдап бараткан водителге тоскоолдук кылып,алаксытуу, ажылдап нервин жеш өзү кылмыш. Канча адамды салып бара жатат.Баарыбыз эле жолдо жүрөбүз айдоочулар билет.Эгер водила тигил аялга жинденип атып ,кокус бирдеме болуп,кырсык болуп кетсе башкалардын убалы кимге? Негизи арзыбаган акча берип коюуп ,сатып алгандай эле башкарып ,кычык издегенге машпыз.
Эх, Алла ыйман бер элиме! Ынсап бер!