super.kg logo

Парламентте өкмөт иш жүзүндө жеке ишкерлерди колдобой жатканы айтылды

 

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Руслан Казакбаев өкмөттүн айынан жеке ишкерлер зыян тартып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-октябрда парламенттин кезектеги отурумунда билдирди.

Депутаттын белгилешинче, быйылкы жыл "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыяланганы менен иш жүзүндө андай болбой жатат.

"Экономиканын өнүгүүсүнө түрткү бере тургандар - жеке ишкерлер. Учурунда өкмөт тарабынан берилген уруксат кагаз менен "Көк-Сай" жана "Коңур Өлөң" чакан ГЭСтери курулган. Бул ГЭСтер "Чыгыш Электр" ишканасы менен электр энергиясын сатып алуу келишимдин негизинде курулган эле. "Улуттук энергохолдинг" компаниясы алардын электр энергиясын сатып алуудан баш тартып жатыптыр. Эмне үчүн ишкерлер өкмөттөн жабыр тартышы керек? Алар бүгүн 12 миллион сомдук зыян тартты. Башында аларга чакан ГЭСтерди курдуруп алып, эми электр энергиясын сатып алуудан баш тартып жатат. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылат элем, бул маселени тез арада чечүү керек", - деди Казакбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: