super.kg logo
  Саясат  

Депутат Мавлянова Кытай туристтик топтор үчүн визасыз тартип киргизүүнү сунуштады

 

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Махабат Мавлянова Кытай өлкөсү туристтик топтор үчүн визасыз тартип киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Өлкөдө тышкы миграция күч алып жатканын баарыбыз билебиз. Өлкөдө жумуш орундары жок. Жумуш орундарын түзүү үчүн мамлекет тарабынан көп иш жасалышы керек. Бул абдан көп акча каражатты талап кылат. Бирок мен акчаны талап кылбаган жагын сунуштап жатам. Дүйнө жүзү боюнча Кыргыз мамлекетинин туристтик даремети күчтүү. Бирок биз анын 10 пайызын дагы колдонгон жокпуз. Кытай мамлекети биздин жаныбызда жайгашкан. Орусия, Казакстандын туристтик топтору 15 жылдан бери визасыз тартипте иштешип жатат. Кытай туристтери үчүн визасыз тартип киргизүү тууралуу суроо берилсе УКМК аларды бул жакта калып калуучу жаран катары көрүшөт экен. Башка жагынан дагы карап көрүү керек", - деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: