super.kg logo

"Жар-жар" ыры бизден болсун, бата алмак сизден болсун". Кызматы эң кымбат жар-жарчы ким?

 

Күркүрөгөн күз мезгили келип, кафе-ресторандар тойдон бошобой жаткан учуру. Акыркы жылдарда уул үйлөп, кыз берип жаткан үй-бүлө тойго жакшылыктын жарчысы катары жергиликтүү жана чет элдик эстрада ырчыларын чакырууну адатка айлантты.

Өзүнөн-өзү калыптанып калган эрежеге ылайык, үйлөнүү үлпөт тойду ачып, эки жашты эл алдына алып чыгып жүгүнтүп алкоо алуу милдети "Жар-жар" ырын ырдаган ырчыга тапшырылат.

Мындай кызматты аткаргандарды табуу кыйын эмес, болгону колдо акча болуш керек. "Жар-жар" ырын ырдап, баш кошуп жаткан түгөйлөрдү ресторанга киргизүү үчүн ырчы 100 доллардан 1 миң 200 долларга чейин акча алат. Баалар той өлкөнүн кайсы аймагында болуп жаткандыгынан да көз каранды. "Элде болсо, бизде да болот" деген ырчылардан "Жар-жар" ырын ырдаган кызматы үчүн канча акча алышарын өздөрүнөн сурап көрүүнү туура көрдүк.

Адегенде белгилүү ырчы Гүлзат Байзакованы кепке тартык.

"Мен "Жар-жар" ырын 25 жылдан бери ырдап келе жатам. Бул аралыкта көптөгөн жаштардын баш кошуусуна, кубанычына күбө болуп, бактылуу жана өмүр бою эсте кала турган көз ирмемдерин тең бөлүштүм. Көбүнчө Бишкек шаарындагы тойлорго барып ырдап берүү сунушу түшөт. Белгилүү бир баага ырдайм деп айта албайм, анткени кээде акысыз да ырдап калган учурлар болот. Бир күндө 2, жетишсем 3 тойго барып өнөрүмдү тартуулап келем. Кайсы ырчыны чакырып ырдатат, ал той ээсинин өзүнүн каалоосу. Бирок илгери кыргызда "Жар-жар" ырын үй-бүлө күткөн үлгүлүү жеңелер ырдаганын билем", - дейт Байзакова.

Ал эми өлкөнүн түштүгүндө той ээлери тарабынан эң көп чакырылган ырчылардын бири Самара Каримова 1 күндө 3 тойдо "Жар-жар" ырын айтканга жетишет.

"Жар-жар" ырын бул ырчы ырдашы керек, тигил ырчы ырдабашы керек дегенден алысмын. Ар бир той өткөрүп жаткан инсан үй-бүлөсү менен кеңешип көрүп анан тойго ырчыларды чакырат. Мени тойго чакыргандардын саны көп, албетте, убактым болсо чакыруу түшкөн бардык тойлорго барып ырдаганга аракет кылам. "Жар-жар" ырын айтып жүргөнүмө 3 жылдай болуп калды. Баалар той кайда өтүп жатканынан көз каранды. Мисалы, Ош шаарында өзүм эле барып "Жар-жар" ырын ыдасам 400 доллар болот. Ал эми Бишкек шаарына келсем анда 800 доллар, анткени учак менен барып келгеним эсептелинет", - дейт ырчы.

Ал эми ырчы Роза Шакирова "Жар-жар" ырын турмушка чыккан соң гана айта баштаган.

"Жар-жар" айтып жүргөнүмө 10 жылдай болуп калыптыр. Алгач эстрада ырчысы Назми менен чогуу айтып чыккам. Менин оюмча, бул ырды үй-бүлө күткөн, балалуу-чакалуу жеңелер айтканы туура. Бир күндө бир эле тойго барам", - дейт ырчы айым.

"Жар-жар" ырын тойго барып аткарып бергени үчүн ырчылар орто эсеп менен 300-400 доллардын тегерегине жакын акча алышат. Сумманын көлөмү той кайсы аймакта өтүп жаткандыгынан көз каранды. Той өткөргөн адамдардын айтымында, Айгерим Расул кызы "Жар-жар" ырын жана ага кошумча дагы 4 ыр ырдаганын 500-600 долларга баалайт. Ал эми ырчы Анжелика региондорго барып "Жар-жар" ырын ырдаганы үчүн 1 миң 200 доллар сураган учурлары да болгон. Мындан сырткары эстрада ырчылары Неля, Айнура Салахидинова, Айпери Кубик кызы, Кенже Дүйшеева "Жар-жар" ырын ырдашат. Ырчы айымдардын айтымына караганда, алар белгиленген бир баага ырдашпайт, кырдаалга жараша кызмат баасы ар кандай болот.

Салт таануучу Садыркул Өмүрбаевдин айтымында, кыргыздын салты боюнча "Жар-жар" ырын эркек төкмө акындар айтышат.

"Байыртан эле элибизде кандай гана той болбосун жарчы катары төкмө акындарды чакырышкан. Төкмөлөр жар салып, өзүнүн нускалуу кептерин ырга салып төгүшкөн. Анда деле той ээлери төкмөлөрдүн астына ат тартып, үстүнө чапан жаап ыраазычылыктарын билдиришкен. Ал эми жеңелери болсо кызды узатып жатканда кошок кошуп узатышкан. Мезгилдин өтүшү менен жубайлардын жеңелери "Жар-жар" ырын ырдашып үйлөнүп жаткан жаштарды эл алдына алып чыга баштаган. Негизинен эл ичинде ырым кармап үлгүлүү, бала-чакалуу келинди "Жар-жар" айттырышкан. Кыргызда мындай нерселерге кылдат мамиле кылып ажырашып кеткен же үй-бүлө кура элек кыздарга эч качан "Жар-жар" ырын ырдатышкан эмес", - дейт Өмүрбаев.

Азыркы тапта жаш курагына, үй-бүлөлүк абалына карабай эле ырчылардын "Жар-жар" ырын аткаруусуна Садыркул Өмүрбаев сын көз карашта.

"Азыркы тапта "Жар-жар" ырын күйөөгө тие элеги деле, ажырашканы деле ырдап жатат, бул туура эмес. Ырчынын популярдуулугуна же анын алган акчасына карап "Жар-жар" айтууга чакыруу - чоң жаңылыштык. Бул ыр менен ырчы жөн гана жаштарды эл алдына алып кирбестен алардан бата, алкоо сурайт. Ар бир ырчы бул жөн гана ыр эмес экендигин, ушул эки жаштын келечектеги турмушуна анын дагы кандайдыр бир салымы бар экенин түшүнүүсү керек. Жогоруда айтып өткөн талаптарга жооп берген ырчы айымдар гана бул ырды аткарса жакшы болот деген ойдомун. Кыргызда бекеринен бул ырымды кармабаса керек", - дейт салт таануучу.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(30)
05.10.2018. 08:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+46
Оххооо мындай акчага жар жарды ырдаган ырчы, эгер эки жаш ажырашып кете турган болсо беш эсе кылып кайтарып берем деген справка менен тойдо ырдаш керек. Айрыкча анжелика
05.10.2018. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Негизинен эл ичинде ырым кармап үлгүлүү, бала-чакалуу келинди "Жар-жар" айттырышкан. Кыргызда мындай нерселерге кылдат мамиле кылып ажырашып кеткен же үй-бүлө кура элек кыздарга эч качан "Жар-жар" ырын ырдатышкан эмес"-деген жерине Айгерим уже жооп берип коюптур го,
05.10.2018. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жаш ырчылар улуулардан талашып эле алыштыго,эки жагына карабай!Жакында Асел да чыгат экен эле,жар жарчы болуп
05.10.2018. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Тойго жар-жар эмес, кыздын атасы куйоо балага тапшырып бергени жагат.
05.10.2018. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Ставкасын ото эле ашыра чааптыр. Самош деген ырчы айрыкча. Туура ажырашкан, уй булоо бузуп тийген адам айтканы туура эмес. Жар жарды Гулнара Кахарова айтса туура болчуудай баатыр эне 20жылдан ашык бактылуу омур суруп келе жатышат.
06.10.2018. 05:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
erkeleim,

tuura aitasyn, men dagy koptoon beeri Gulnara Kaxarova jonundo oilop jurom, turmushtan tyn
jashagan, ulguluu, kop balaluu aiyal, ushul sapattagy eki jashka juksun degen oido ushul ejeni yrdatsak tuura bolchudai.
05.10.2018. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Ушул силердин жар жарыңар элди тоноп сызга олтургуза турган болуп калды.5 миң сомго айтсаңар болот го,өзүңөрдү тим эле асманга көтөрбөй курсуңарды.Анан да Анжелика эми жар жар айтбай койсо болмок,өзүнүн турмушундай кылбай дегеним и сураганы да чөң экен.Самара 400 эмне кыласың,элди шорлотосун го 100 $кылсаң болмок ашып кетсе Ошто.
05.10.2018. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Анжелика эмнесине жар жар айтат озу?Ал жаштарды да куйоону таштап башкага тийип ал дегенге чакырабы?Озу деле уялып жар жар айтпай койсо болот ошол кыз.Улгулуу ырчылар айтса колдойм!!!
05.10.2018. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Анжелика айтпай эле койсо болмок дейсинер.Эл озу чакырып атса айтат да.Андан коро эчким чакырбаса ырдамак эмес жар жарды.Эмне кереги бар мындай адамга айттырып.Акчан коп болсо бер кыйналгандарга.Каяктагы Самара Анжелдын чонтогун толтурбай.Чонтогун толтура турган эркектери бар алардын.
05.10.2018. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жогорудагы сынчынын айткан создору менен макулмун. Жогоруда санап интервью алышкан ырчылардан Анжеликанын жар жар айтышы таптакыр туура эмес деген пикирдемин. Самарага дагы, атасындай улуу кишиге тийип алган. Калган ырчылар деле кыйратпайт, мисалы Айгерим ж.б.

Жар-Жарды эл-журтка улгулуу ырчылар ырдаса туура болот, жашы 30-45 арасы.....
05.10.2018. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жар жар айтканга жаш эмес улуу уй булолуу бала чакалу турмушта оз ордун тапкан ырчылар айтса туура деп ойлойм
. Мисалы Гулзат Байзакова Гулнара Кахарова Неля. Ал эми Анжелика Самара Айгерим дики туура эмес бироо ажырашкан экинчиси экинчи аялы учунчусу жаш. Ажырашкан экинчи аял болгондорго келин келгенде жоолук салдырбайтко ушул жакты да ойлош керек.
05.10.2018. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
spacegirl,эң туура, кошулам айтканыңа.
05.10.2018. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ой сом менен эле 5ти алса болбойбу,доллар суйлойт го тим эле,озу биздин кыргыздар ким эмне кылса ошону кылыш керек,эч андан калып кетбеш керек,баласы бир ай иттей иштегенин,кызын берип атып бир ырчыга ме деп эле кармата салышып озубуз уйроттук ушуларды
05.10.2018. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Jasa, орус анан каапыр деп орустарга кулобуз.Эн сарамжалдуу тойду орустар откорот.30 40 адамдын ортосунда оздору ырдап чордоп бала менен кызды ортого алып обуштуруп той бутот.Кээ бир гана белгилуу акчасы коптору чачып той откорбосо.А биздин кыргыздарчы эки жаш элдин эсинен чыгып кетет.Ырчыларга келсек тойдон пакет которуп фонаграмада ырдаганы жана жашыл кызыл койнок менен боектору гана болбосо талант деген 0.Анан дагы асмандагы вставканы коюп алышат.Эл чакырба
й эле койсо болмок.
05.10.2018. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Менин карындаштарыма жар жарды озумун Марапат женем менен Айгул женем сонун кылып бекерге эле айтып беришет. Эмне кереги бар ошончо акча коротуп.
05.10.2018. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айжамал Кабылова менен Анжелика жар-жар айтпаш керек экен анда. Эмне деп ырдамак эле?
05.10.2018. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Негизи жакпайт ушу артыкбаш понттор. Жар Жар коп болсо акыркы 2ж трендке айланды 4ж мурунку тойлордо Жар жарсыз эле киришкен.Акчасы коптун каадасы коп болуп тим эле кыргыздар казактар га тенелип алышты.Эмне кереги бар ушу кыз узатуу, Жар Жар деген расходдордун. Итимдей болуп итирендеп 1сомду 1сомго уруп акча чогултушат.Анан каяктагы артистерге берип салышат. Тамада,бийчилер, восточный танцы,фуршет муршет эмне кереги бар. Жуурканга карап бутунарды сунгулачы.
05.10.2018. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
AKCAHAT,итимдей болуп де :-)))
05.10.2018. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аксанатка 100 пайыз кошулам
05.10.2018. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ашыкча чыгымга каршымын.
Жар-жарсыз эле уйлонушсо болот.
Кептин башы-эки жаш бактылуу-таалайлуу жашап кетишинде.
Курнамыстын кереги жок!!!
Негизи бул уйлонуу той-жакын туугандарды чакырып, молдо нике кыйып, элге жубай болушту деген эле маалымат.
Тапкан ташыганын чачып, кредитти кайра толош керек деп эки жак тушунбостуктон алыыыыыс болуш керек урматтуу мусулман бир туугандарым!
ROZI түзөттү 2018-10-05 23:37:24
05.10.2018. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акчанар ашып-ташып атса, ата-энени Мэккеге жибериниздер деп айтаар элем.
06.10.2018. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир сааттын ичинде 25мин сомду алып кетишет экен да булар.Россияда тентип кыйналып бир ай иштеген айлыгыбызды берип коет экенбиз да.Озубуз куноолубуз баарына.Эшматтан Ташмат кем бекен деп эле алыбызга карабай ырчы-чоорчуларды чакырып,анан кайра дагы Россияга жономой.Булардын да алкымы чон экен.Биздин тойлор жар-жарсыз эле откон 2013-жылдары.Ашыкча чыгымдын эмне кереги бар?
06.10.2018. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биз унчукбай барып эле ЗАГСга расписались и болду. Кечинде ал бир эки досу мен бир подружкам анын бир карындашы куйосу менен 6-7адамболуп отуруп белгилеп койгонбуз. Азыр Аллага шугур кызым торт жарым жашта. Устубуздо уйубуз машинабыз бар.
06.10.2018. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орустардын юморунан болдук , Жамшид Россиядан арандан зорго эки созу эптеп кощуп иштеп барып, баргандан сон акчаларын чачып тойдо тордо отурган болотко ошонун эле дал озубуз. Эми Бишкекте тикмечиликтен бутуна туруп кеткен кабаттап уй салгандарда жок эмес .
06.10.2018. 04:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен 1 ай,ыйлап атып тапкан акчаны 1 саатта табат экен да((()ырчы болуп алсамбы деееееее,
06.10.2018. 06:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jar jardy ar kimdi ozunun jenesi aitsa jarashat, men jash kezde esimde kyrgyzdarda jar jar jok ele uilonushchu ele, emmi ele modaga ailanyp artisterdin kunu tuup atkan eken , slishkom kop ysrapkerchilik bolup atat, Ozbekterde aiylda bir kempir bolchu ele oshol kempir baardyk kyzdardy uzatyp koshok aityp yrdachu ele, al beker ele yrdap berse kerek ele.
06.10.2018. 06:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен эки жума бою башым менен иштеп тапкан акчаны Анжелика оозу менен бир саатта табат экен. А мен кунуго чарчап келем.
Zaina түзөттү 2018-10-06 06:11:37
06.10.2018. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чын чынына келгенде баарын 1 сомгода татыктуу эмессинер.
06.10.2018. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жар-жар ырынын автору Жолоочу Рыспаевдин ден-соолугу начар экен. Ырчылар ушул адамдын ыры менен каражат таап жаткан сон каралашып коюшпайбы! Балким ушул маселени кооруп чыгасыз?
07.10.2018. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оздорун Америкада жашап аткандай сезишип доллар деп куйгузот,сом м.н эле элдин чонтогуно карап алсанар болбойбу.Анан да уялбай элдин кызматындабыз деп жазып алышат,эл силерге кызмат кылып атат балдары учун тапканын силерге берип,жок дегенде жар жарды жандуу айтсанар боло. Кыргызды саятчылар,ырчылар,тамадалар эле тоноп бутмой болду.флешканы тыгып ооз кыбыратып коюш учун баланча доллар деп силер асмандайсынар. элдин акчасын соруп бутуп анан эмгек синирген наам бергиле деп чыгышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: