super.kg logo

"Кыргыз Темир жолу" ишканасы эл аралык каттамда билети жок жүргүнчүлөрдү ташыганы аныкталды

 

"Кыргыз Темир жолу" ишканасы эл аралык каттамда билети жок жүргүнчүлөрдү ташыганы боюнча фактылар аныкталды. Бул тууралуу президенттик аппараттан 4-октябрда кабарлашты. Маалым болгондой, учурда бул фактылар боюнча козголгон кылмыш иши Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Каржы полициясы) тергөө башкармалыгы тарабынан иликтенип жатат.

Мындан тышкары ушул сыяктуу фактылар боюнча Жазык кодексинин 173-беренесинин 1-бөлүгүндө, 221-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштардын белгилери боюнча Транспорт прокуратурасы тарабынан 5-сентябрда кылмыш иши козголгон.

Мындан аркы иликтөөнү уюштуруу ошондой эле Каржы полициясынын бөлүкчөлөрүнө да тапшырылган. Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштерин натыйжалуу жана ыкчам иликтөө максатында ыкчам-тергөө топтору түзүлдү.

Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча тергөө тарабынан бардык күнөөлүүлөргө юридикалык баа берилет, ошондой эле кыска мөөнөттө материалдарын соттун кароосуна өткөрүү үчүн чаралар көрүлөт.

Буга чейин "Кыргыз темир жолу" ишканасынын поезд коштоочусу Алия Асанбаева ишкана Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандарын эл аралык каттамга билети жок ташып жатканын айтып чыккан. Андан кийин ишкана жетекчилиги тарабынан каршы аракеттер башталганын белгилеп, президентке кайрылган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
04.10.2018. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чынданбы ага чейин эч ким билбегендей го обеттен кийин жылдап эле билетсиз эле ташып жүрбөдү беле
04.10.2018. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Күлкүң келет да, бул Союз чачырагандан бери эле келе жатпайбы...)) Мындан ары да улана берет "коенектерди " ташымай..
04.10.2018. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Темир жол ишканасы деп аты эле мамлекеттики, а пайдасын коргондор башка.
05.10.2018. 04:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билети жок ташыганды ээми билсенер шерменде экенсинерго.

Мен Москвага 10 жыл мурун поезд менен келгенде, 10жыл мурун зайчик болуп келгенде гиндиктен эмес кокодон эле. 10жылдан бери ээми билети жок ташыганын билсенер уят уят
05.10.2018. 05:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билети жок ташыганы аныкталды деген кулкунду гана келтирет да.Кудайдын куттуу куну ташышат билети жокторду.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: