super.kg logo

Уулун дарылатуу үчүн мамлекеттик квота менен Анкарага барган эне "бизди кайра кете бергиле деп жатышат, Түркиядагы Кыргыз элчилигинен эч кандай колдоо болгон жок" дейт

 
Сезим Жунушова
Сезим Жунушованын уулу

Ысык-Көл районунун жашоочусу Сезим Жунушова уулунун кулактарына имплант койдуруу үчүн Түркияга барган. Дарыгерлердин "кайра мекениңерге кете бергиле" дегенин уккан эне жардам сурап президент Сооронбай Жээнбековго жана Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылды.

"Биз ушул жылдын 28-июлунда Туркия мамлекетинин Анкара шаарына мамлекеттик квота менен 3 жарым жашар улуубуздун кулактарына имплант койдуруу максатында келгенбиз. Бирок ушул убакка чейин эч кандай жыйынтык чыккан жок. Доллар кымбаттап кеткенине байланыштуу имплант кымбаттап, 2 ай 5 күн дегенде гана "кете бергиле" деген жоопту беришти. Эки өлкөнүн келишиминде "операция жасалбай кайра келесиңер" деген нерсе жок да. Түрк тарап келишимди бузуп жатат", - деди ал.

Ошондой эле уулун дарылоо үчүн элден жардам сурап, кайрымдуулук концертин өткөрүшкөнүн айтып шартын түшүндүрдү.

"Биз өзүбүз жаш үй-бүлөбүз, азыр кетип, кайра келгенге эч кандай шартыбыз жок. Түркиядагы Кыргыз элчилиги да жардам бере алган жок. Биздин ары-бери келип-кеткен чыгымыбыз асманга эле учуп кетип жатпайбы? Ушул жактан уулубуз угуп, анан кетебиз деген чоң үмүт менен келгенбиз. Бирок ал үмүтүбүз акталбай турат. Жыйынтык жок эле үйгө кайткыбыз келбейт. Бизди коргоп, колдогон эч ким жок болуп турат. Анкара шаарында биз жалгыз эле эмеспиз. Жаныбызда дагы 2 бала бар. Башка клиникада 3-4 Кыргыз жарандары. Баарыбыздын көйгөйлөрүбүз окшош. Виза маселеси турат, мөөнөтү 20 күндөн кийин бүтөт. Акыбалыбыз оор бойдон калууда.

Президентибизге жана депутаттарыбызга бизди бул кырдаалдан чыгарат деген акыркы үмүт менен кайрылып олтурам", - дейт Жунушова.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
04.10.2018. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сапатты жапкан жоксунар деп Эрдоган таарынып калыптырбы?
pat12 түзөттү 2018-10-04 14:21:21
04.10.2018. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Элчилерден бир эле Кылыч Султан агай иштейт. Башка элчилер бекинип сен мага тийбе мен сага тийбе деп мамлекеттин акчасын жеп журушот. Кылыч Султан мн кантип бийланышса болот? Сунуштарым бар эле
04.10.2018. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
erkeleim,
Саламатсызбы! Кылычбек Султандын фейсбуктагы баракчасына кат жазып кайрылсаңыз болот.
https://www.facebook.com/kylychbek.sultan
05.10.2018. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээээ Начар экен значит туркторда байкуштарды кыйнап...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: