Бишкекте медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы салтанаттуу түрдө белгиленди
Саламаттыкты сактоо министри сыйлык тапшырууда


Саламаттыкты сактоо министри сыйлык тапшырууда

Филармониянын залы дарыгерлерге толду

Саламаттыкты сактоо министри сыйлык тапшырууда

Врачтарды жакындары дагы минтип куттуктап жатышты

Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Усубакунова куттуктоо сөзүн сүйлөөдө

Ардак гамоталар менен сыйланган врачтар эмгектеринин бааланганына ыраазы болушту

Мыкты эмгек жамааты сынагынан гран-приге Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору ээ болду

Мыкты эмгек жамааты сынагынан 1-орунду №1-үй-бүлөлүк медициналык борбору алды

Мыкты эмгек жамааты сынагынан 1-орунду №18-үй-бүлөлүк медициналык борбору алды

Кесиптештеринин сыйлыгына кубанган врачтар кол чаап колдоо көрсөтүшүүдө

Бишкек шаардык мэриясынын Ардак грамотасына ээ болгон врачтар

Концерттик программаны ырчы Иса Өмүркулов "Кыргызстан" ыры менен ачып берди

Медицина кызматкерлерин куттуктап ырчы Гүлзинат Суранчиева да келген

Бишкек шаарынын симфониялык оркестринин коштоосунда опера ырчысы Бакыт Убукеев ырдоодо

Ырчы Нена да майрамга шаң кошту

Бишкек шаарынын симфониялык оркестринин коштоосунда ырчы Заира Райымбекова "Сагындым" ырын аткарууда

Ырчы Малика ырдап эле тим болбостон бийлегенге да жетишти

Ырчы Маликаны коштоп келген бийчилер

Ырчы Токтобүбү Черикчиева "Биз экөөбүз" ырын ырдаганда залдагы көрүүчүлөр муюп калышты

Ырчы Минюра Рахимжанова да өз өнөрүн тартуулады

Ырчы Үмүт Тилегенова "Кетпейм сага жолукмайынча" аттуу ырын аткарууда

Ырчы Динара Акулова ырдаганда зал жандана түштү

Динара Акулова менен кошо ырдап, кол чаап жаткан күйөрмандары

Ырчы Керим Турапов медицина кызматкерлерине ыр белек сунду

Кериле бийлеген кыздар

Бүгүн, 5-июлда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз eлуттук филармониясында медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы салтанаттуу түрдө белгиленди. Иш-чаранын алкагында Бишкек шаарынын дарылоо-профилактикалык мекемелеринин мыкты кызматкерлерине дипломдор, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле "Мыкты медициналык жамаат" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталып, акчалай сыйлык жана диплом менен сыйланышты. Салтанаттуу кечеге саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Усубакунова катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Иш-чаранын калган бөлүгү концерттик программа менен коштолду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:17
2025-06-30

13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
0

