super.kg logo

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча сынактан утулуп калган компаниянын өкүлү аткаминерлер тарабынан кысым болуп жатканын айтты

 

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча өткөн сынактагы мыйзам бузууларды ачыкка чыгарып жаткандыгыбыз үчүн кыргыз аткаминерлери кысым көрсөтүп жатышат", - деп бүгүн, 4-октябрда аталган сынакка катышкан "Маалыматтык коопсуздук системасы" компаниясынын өкүлү Юрий Катютин маалымат жыйынында билдирди.

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча сынакта одоно эреже бузуулар, анын ичинде түздөн-түз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар катталды. Буга байланыштуу мекемелер аралык комиссияга даттануу жолдогонбуз. Жыйынтыгы жакынкы аралыкта чыгат. Ошого карап кийинки кадамдарыбызды аныктайбыз.

Даттанууларыбызды кайтарып алуубуз үчүн бизге кыргыз аткаминерлери тарабынан кысым болууда. Кимдер кысым көрсөткөнүн ачык айта албайм. Бирок алар мамлекеттик деңгээлдеги адамдар. Буга байланыштуу, балким, биздин өкмөт башчыга, Башкы прокуратурага жана Жогорку Кеңешке жазган катыбыз жоопсуз калышы мүмкүн.

Тиешелүү адамдар бул нерселерге көз жумуп койгундактан, инвесторлордун укугунун корголушун камсыздап берүүсүн суранып, Кыргыз Республикасынын президентине кайрылууга аргасыз болдук", - деди Катютин.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: