Футбол боюнча Малайзия курамасына каршы жолдоштук беттешке даярдануу максатында 23 футболчу Кыргыз курамына чакырылды

Футбол боюнча Малайзия курамасына каршы жолдоштук беттешке даярдануу максатында 23 футболчу Кыргыз курамына чакырылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдирди.
Кыргыз улуттук курама командасы Малайзияда 9-15-октябрь аралыгында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүп, 16-октябрда Малайзияга каршы ойнойт. Кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин өтө турган беттештерге даярдануу үчүн курамга 23 футболчуну чакырды.
Айта кетсек, бул беттеш 2019-жылы өтүүчү Азия Кубогуна даярдануу максатында орун алат.
Малайзияга каршы оюнга чакырылган футболчулар:
- Дарбазачылар: Валерий Кашуба (“Дордой”), Калыс Акималиев (“Абдыш-Ата”), Павел Матяш (клубу жок)
- Коргоочулар: Тамирлан Козубаев, Аскарбек Салиев, Авазбек Откеев, Мустафа Юсупов, Даниэл Тего (“Дордой”), Айзар Акматов (“Алга”), Шерзот Шакиров (“Нефтчи”), Аманбек Маныбеков ("Абдыш-Ата”);
- Жарым коргоочулар: Павел Сидоренко, Азиз Сыдыков, Муролимжон Ахмедов, Фархат Мусабеков, Кайрат Жыргалбек уулу, Бекжан Сагынбаев (“Дордой”), Одилжон Абдурахманов (“Алай”), Бахтияр Дүйшөбеков (“Келантан”, Малайзия), Ахлидин Исраилов (клубу жок), Эдгар Бернхардт (“Тыхы”, Польша);
- Чабуулчулар: Люкс Виталий (“Ульм 1846″, Германия), Эрнист Батырканов (“Дордой”).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
nukura_jigit

04.10.2018. 17:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайда болот оюн ?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.