super.kg logo

Кыргыз мамлекети 4 миллиард долларга жакын сырткы карызы үчүн жыл сайын 13 миллиард сом туум төлөйт

 

Бүгүн, 4-октябрда парламент жыйынында депутат Алиярбек Абжалиев Кыргыз мамлекети сырткы карызы үчүн жыл сайын канча туум төлөй турганын сурады.

Каржы министри Адылбек Касымалиев өлкөнүн бүгүнкү карызы 3 миллиард 797 миллион доллар экенин жана ал үчүн жыл сайын 13 миллиард сомдун тегерегинде туум төлөй турганын айтты.

“Биз карыздарды кечүү боюнча башка өлкөлөр менен сүйлөшүп жатабыз. Бүгүнкү күндө Орусия карызын толугу менен кечкен, Германиянын бир банкы да карызын кече турган болууда, сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Калган насыя берүүчүлөр карызын кечпейт”, - деди Касымалиев.

Депутат Алиярбек Абжалиев жыл сайын 13 миллиард сомдун тегерегинде төлөө абага кетирип жатканга барабар экендигин, сырткы карызды азайтуу боюнча иштерди тездетүү керектигин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
04.10.2018. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошон учун ачка калсакда карыз албашыбыз керек анткени келген акчаны жогору жактагылар эле пайдасын коргон эл озу менен озу эми тологондо элге тушкон туйшук
04.10.2018. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карыз алып бийликтегилер байып атышат. Карапайым калкка пайда болбойт.Россия карызын кечти дешет, кагаз турундо карыздын ордуна жер беришти да башка не бермек эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: