super.kg logo

Ингушетиядагы Чеченстан менен болгон чек ара маселесине байланышкан митингде ок атылды

 

Ингушетиядагы Чеченстан менен болгон чек ара маселесине байланышкан митингде ок атылды. Митингчилер менен жолугушуу үчүн Ингушетия Республикасынын башчысы Юнус-Бек Евкуров чыкканда күч органдары тарабынан асманга ок атылды. Ок атылышына митингчилер тарабынан өлкө башчысын көздөй бош бөтөлкө ыргытылышы себеп болгон.

Магас шаарындагы митингчилер Чеченстан менен болгон чек арага байланыштуу макулдашууга каршы болушууда. Күч органдары депутаттарды имараттын ичинен эвакуациялашты. Ошондой эле ок атуулар угулду. Бул маалыматты Би-Би-Си Орус кызматы жазды.

Жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 10:40та митингчилердин саны 5 миңдей болчу. Учурда алардын саны 10 миңге жетип, үстүнө келип кошулгандардын саны дагы көбөйүүдө. Митингчилер Ингушетиянын белгилүү бир бөлүгүн Чечен бийлигинин көзөмөлүнө өткөрүүгө каршы.

Бүгүн, 4-октябрда жергиликтүү парламент Чеченстан менен жер алмашуу маселесин колдогон. 25 депутаттын ичинен 17си "макул", 3 депутат "каршы", 5 депутат эч бирине добуш берген эмес. Ингушетиянын Конституциялык соту мындай чечимди кабыл алуудан мурда референдум өткөрүлүшү керек болчу деген пикирде бийликтин бул чечимине каршы билдирүү жасады.

Митингчилерди атчан полиция аскерлери коштоп жүрүүдө. Элдин колунда Ингушетиянын желеги бар, арасынан айрымдары "Аллах Акбар" деген ураанды кыйкырышууда. 3-октябрь күнү кечинде Ингушетияда интернет өчүрүлдү.

Ингушетия менен Чеченстандын ортосунда чек ара маселеси СССР кулагандан бери чечилбей келген. 1993-жылы эки республиканын ошол кездеги башчылары Руслан Аушев жана Жохар Дудаев тарабынан чек араны белгилөө, бөлүү боюнча документке кол коюшкан. 26-сентябрда Ингушетиянын борбор калаасы Магаста Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров менен Юнус-Бек Евкуров административдик чек араны бекемдөө боюнча документке кол коюшкан. Бүгүн, 4-октябрда эки республиканын парламенти макулдашууну ратификациялаган.






Ингушетиядагы митингде ок атылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
04.10.2018. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Акмактар. Аллах акбар деп кыйгырган ислам фанаттарына эмне жок дейм да. Же ошентип койсо маселе чечилип калат бекен. Чечендер деле диний карангылыка кирип кетишти. Кыргыздар биз мындай акбар сакбар деген арабча кыйкырыктан алыс эле бололу. Динден пайда коргон элди уга элекмин. Мумкун молдолорго элдин башын айлантуу учун керектир.
04.10.2018. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
pat12,ошондо сен кандай жашоону каалайсын кыздарын жарым жыланач болуп же голая болуп фото модель болушунбу аллаху акбардын маанисин билесинби аллах улук дегенди билдирет сенин уйкудан ойгонуп жана уйкуга кеткенге чейин аллах озунун улуктугун жана бар экенин тастыктап турат эгер билсен сен айткан европан дагы судный день болот деп айтышат жана адам жана евадан тараганбыз деп айтышат сен ошол каапырлардан дагы откон манкурт жийркеничтуу айбан экенисин аллах жазанды берин акмак
04.10.2018. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми аллах акбар деп окуруп бакырган чечен фанаттарын атайын кучтор пайдаланат турбайбы. Мындай экстримисттер аман эле болушсун.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-10-05 10:06:48
04.10.2018. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Исламдашуу арабташуу доорунда Кыргызстандын бийик интелектуалдары биригип эл арасында тушундуруу ишин кобуроок жургузулору керек. Болбосо комчон кыргыз эле арабтардын каала салтын ыйман катары элестетип жаткандары жакшы эмес.
04.10.2018. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ka2sr1,мейли арабдардын салтын оздоштурбойлу макул кыздарыбыз узун кийинип баштарына элечек кийсин эч ким каршы эмес же кыргыздын салты мини юбка кийуу же кыска топиктерди кийип бут денесин коргозуп журуубу же китептен окуган белен манастын аялы каныкей шортачан телторуну чакпан деп же курманжанды уккан белен топик кийип эл алдына чыкканын эмнеге ушуларды коруп туруп ушулар жонундо айтпасынар коруп туруп кормоксон болосунар
04.10.2018. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ka2sr1, асылганынар эле ислам дини бул дуйнодон менмин деген инсандар откон энштейн нютон ом жана башкалар бирок алар аллахтын окуму болгон олумго каршы тура алган эмес менмин деген кучтуу алп инсандар отту кожомкулга окшогон алар дагы олушту менмин деген башкаруучулар отту гитлер бонапард чынгызхандай алар дагы олумго каршы эч нерсе кыла албады бул менен эмнени айткым келет бул жашоону берген да аллах алып коюуучу дагы аллах куч кубатты берчуу да аллах тошоко кадап койчуу да аллах
04.10.2018. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ислам дини - бул арабтардын каада салты болгон учун кыргыз деген улут арабтаршып бара жатабыз. Паранджа хиджаб, дамбал булар араб пакистандын каада салтынан чыккан кийим кечектер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: