super.kg logo

SUPER TV: Жан дүйнө. "Бай кыз алып берем деп баламдын тагдырына балта чаптым"

 

Сүйүү, күтүү, табышуу, ажырашуу, үй-бүлө, кайгы жана бакыт... Так ушул сезимдер, турмуштан алынган жүрөк сырлары SUPER TV'нын "Жан дүйнө" долбоорунда.

Ал күнү деле адаттагыдай тамак жасап, баламды жумушунан тосуп алайын деп, күйпөлөктөп үйдө жүргөм. Эшиктин коңгуроосу кагылганынан, "балам келе турган маал боло элек" деп ойлонуп, эшикти ачтым. Балам достору менен турган экен.

- Апа, сизге сюрприз жасап, келин алып келдим!

Эшиктин алдында баламдын достору жана бир жигиттин артында уялыңкы жашынып, кетенчиктеп жер карап турган кызды көрдүм. Кызды караган боюнча аны жандап турган балдарды да унутуп, кабагымды чытып, көпкө чейин жалдырап тура берген экенмин. Курбум Шарипанын борбордо батири бар кызына көз артып, кудалап койгонум көз алдыма даана болуп көрүнүп туруп алды. Өзүмдү колго алып, этегимди кагып:

- Бул эмне кылганыңар?! Кыргыздын каада-салты менен алып келет элек го!

Ооба, ушинтип айттым. Анан эмне, балам, сен бай кызга үйлөнөсүң демек белем? Ал аз келгенсип, кыздын жанына ачуум менен барып, "Ай кыз, ата-энең эмне дейт. Аларга ким жооп берет?" деп бурк эттим. Өзү эле араң турган кыз ыйлаган боюнча чуркап кетти. Балам артынан чуркады.

Ал эми уулум үйгө келген соң мага каяша айтмак турсун, үн да каткан жок. Балама бай кыз алып берем деп анын тагдырына балта чапканымды кеч түшүндүм...

Окуяны толугу менен төмөнкү видеодон көрүңүз.






Жан дүйнө.“Бай кыз алып берем деп баламдын тагдырына балта чаптым”

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
SUPER.KG видео
04.10.2018. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баланыз го суйгонун кайра алыптыр, а мурунку аялынын бактысына балта чапканыгызды ундобойчуз. Келининизди баланыз барктабаса кайдан жаркылдап журмок эле. Шаарда уйу бар болсо Анан эмнеге сиз менен жашап журот. Жалгыз балан озун менен жашайт го. Шаардагы уйуно кызыгып да аял алып береби.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: