super.kg logo
  Саясат  

"Парламент Курманбек Бакиевди экстрадициялоо боюнча укук коргоо органдарына колдоо көрсөтүүгө даяр" деди Асылбек Жээнбеков

 
"Парламент Курманбек Бакиевди экстрадициялоо боюнча укук коргоо органдарына колдоо көрсөтүүгө даяр". Бул сөздү 5-июлда Жогорку Кеңештин бир жылдык ишмердүүлүгү тууралуу журналисттерге маалымат берүү учурунда төрага Асылбек Жээнбеков айтты. Ал жеке өзү Бакиевдерди экстрадициялоо боюнча Беларусь парламентинин төрагасына кайрылуу жибергенин кошумчалады. "Күч түзүмдөрүнүн жетекчилиги мындай талап менен бир нече жолу кайрылды. Расмий Минск Бакиевдердин Беларусь жараны экендигин айтып,  буга макул болгон жок. Бирок бул аргумент эмес. Бакиев Кыргызстандын жараны болуп турган учурда кылмыш кылган. Ал биздин мыйзамдын алдында жооп бериши керек",- деди Жээнбеков.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: