Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс 24 жылдан бери биринчи жолу эң бай адамдардын сап башын бошотту
Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс 1994-жылдан бери алгачкы жолу "Forbes" журналынын тандоосу боюнча, АКШлык жарандардын ичинен дүйнөдөгү эң бай адам аталган жок. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
"Forbes" журналы жарыялаган маалыматка ылайык, 1-орунга "Amazon" компаниясынын башчысы Жефф Безос чыккан. Анын байлыгы 160 миллиард долларга жеткен. Ал эми өзүнүн 97 миллиард доллары менен Гейтс 2-орунду ээлеген. Ал эми ишкер Уоррен Баффет 88 миллиард 3 миллион доллары менен 3-орунга жайгашкан.
Алдыңкы бештикке Фейсбук компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг (61 миллиард доллар), жана "Oracle" компаниясынын негиздөөчүсү Ларри Эллисон (58 миллиард 4 миллион доллар) кирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:53
2025-06-25

15:16
2025-06-25

Рейтинг:
0

Хотя, Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, Бабанов, С.Исаков, Шадиев, Албек Ибратмов, Данияр Усоновдордун байлыктарын баарын коныискациялачу болсок, 4 миллиард доллар эле эмес, 6-8 миллиард доллар да чогулушу мумкун.....