АКШда алгачкы жолу роботтор гана эмгектенген күнөскана ачылды



АКШда алгачкы жолу роботтор гана эмгектенген күнөскана ачылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, "Iron Ox" күнөсканасы бир гана роботтордун иштөөсүнө ылайыкталган. Ал АКШнын Сан-Франциско шаарынын чет жагында орун алган. Аянты 2 миң 500 чарчы чакырым болгон күнөсканада роботтор өсүмдүктөрдү алгач отургузуп, андан соң алар түшүм бергиче аларга кам көрүшөт. Ошондой эле атайын систем абанын температурасын көзөмөлдөп турат. "Iron Ox`тун" негиздөөчүсү Александр Брэндондун айтымында, бул долбоорду жакшыртуу максатында иштер уланууда.
"Роботтор көп сандагы өсүмдүктөрдү өстүрүп, даярдаганына карабай, алар сатыкка чыга элек. Азыркы тапта күнөскана жылына 26 миң түп салат жалбырагын өндүрүп чыга алат. Келечекте дагы күнөсканаларды ачып, сатыкка чыгаралы деп жатабыз", - дейт Брэндон.
Күнөсканада роботтор эмгектенгенине карабастан, азыркы учурда алардын үстүнөн көзөмөлдөп турган атайын адистер тобу бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:53
2025-06-25

15:16
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.