super.kg logo

Новопокровка айыл өкмөт башчысынын үстүнөн кылмыш иши козголду

 

Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айыл өкмөтүнүн башчысынын жана башка жергиликтүү бийликтин тийиштүү мүчөлөрүнүн үстүнөн кылмыш иши козголду. Мындай маалыматты райондук прокуратурадан билдиришти. Алар жер тилкелерге турак жай куруу үчүн түзүлгөн кезекти бузуп Э.А. аттуу жаранга жер берген деп айыпталышууда. Айыл өкмөт башчысынын жана тиешеси бар башка кызматкерлердин үстүнөн 304-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 305-2-беренелери (Кыргыз Республикасынын жер боюнча мыйзамын бузуу) менен кылмыш иши козголгон.

Новопокровка айыл өкмөтүнүн башчысы М.К. өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, жер маселелери боюнча башкы адиске жана жооптуу катчыга Сары-Жон айылынын жашоочусунун арызын карап, жер боюнча комиссиянын кароосуна жөнөтүүгө тапшырма берген. Аталган комиссия кезекте турган башка жашоочулардын тизмесин карабастан эле арыз ээсине жер бөлүп берүү маселесин чечип койгон. Комиссиянын жыйынтыгына карап, айыл өкмөт башчысы кезек күтүү бузулуп жатканын билип туруп, 528 чарчы метр жер тилкесин кесип берип койгон. Мындай мыйзам бузууга барган жогорудагы кызмат өкүлдөрү башка тизмеде турган жашоочулардын жерге болгон укуктарын бузган. Аталган кылмыш иши тергөө үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: