Кемин районунда 18 жашар кызды сүзүп, жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен айдоочу изделүүдө
4-июлда Кемин районунда жөө жаранды сүзүп, жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 4-июлда болжол менен саат 02:30да Бишкек-Торугарт жолунун 59-чакырымында кара түстөгү унаа 18 жашар кызды сүзүп кетип, кырсык болгон жерден качып кеткен. “Тез жардам” унаасы менен Токмок шаарынын ооруканасына жеткирилген кыз жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Учурда бул окуяга тиешеси бар жаран изделип, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.