super.kg logo

Каржы полициясы Өзгөндөгү археологиялык мавзолейлерди жабуу курулушуна бөлүнгөн каражаттан 1 миллион сом мыйзамсыз пайдаланылганын аныктады

 

Өзгөн шаарындагы археологиялык мавзолейлерди жабуу курулушуна бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды ыйгарып алуу жана кызматтык жасалмалуулук фактысы аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгы менен “М.А.” ЖЧКсынын ортосунда Өзгөн шаарынын археологиялык мавзолейин жабуу курулушуна 4 миллион 597 миң 625 сом суммага келишим түзүлгөндүгү аныкталган.

"Курулуш адистери контролдук ченөө жүргүзүшкөндө аткарылган иштердин актысындагы иштердин баасы жана көлөмдөрү 1 миллион сомдон көп суммага көбөйтүлгөн фактысы аныкталды. Ош облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын жана “М.А.” ЖЧКсынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджетке 1 миллион 131 миң 49 сом суммада, өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилген.

Чогултулган материалдар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу), 221-берене (коммерциялык уюмдун кызматчысы кызматтык абалын кыянат пайдалануу), 304-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 315-берене (кызматтык жасалмалуулук) менен кылмыш иши козголду", - деп жазылат маалыматта.

Анда белгиленгендей, каржылык мыйзам бузууларды Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Ош облусунун Өзгөн жана Кара-Кулжа райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери аныкташкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.10.2018. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тарыхый музей комплекстин үстүн жапканы ашып барса 800 миң сом кетет эле.Жөнөкөй эле адамга юелгилүү болуп жатбайбы,сырттан эсептеп койсо юолот эң башы темир стойка жабылган листтерин.4,5 миллион сомго жазы мовзелей курса болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: