Айтматовго арналган Ысык-Көл форуму башталды







Бүгүн, 5-октябрда III эл аралык Ысык-Көл форуму башталды. Форум "Чыңгыз Айтматов жана доор чакырыктары" деп аталат. Аталган иш-чара Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда өтүп, 8-октябрга чейин уланат.
Форумдун ачылышына катышуу үчүн чет өлкөдөн ондогон коноктор келишкен. Ошондой эле ага өлкөнүн президенти Сооронбай Жээнбеков жана маданият, адабият, кино жаатындагы көрүнүктүү инсандар катышат.
Иш-чаранын ачылышы Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп, анда отуздай чет элдик жазуучулар сөз сүйлөөрү күтүлүүдө. Катышуучулар 6-октябрда Ысык-Көлгө чыгып кетишет. Эл аралык Ысык-Көл форумун өткөрүүнү Чыңгыз Айтматов 1986-жылы демилгелеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
pat12

05.10.2018. 10:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшы отсун буюрса. Келечекте Айтматовдун ойлору кыргыз элин манкурт болуп кетишинен сактайт деп ишенебиз. Озгочо кээ бир жаштар диний карангылыка батып, арабчыл, пакистанчыл болуп бараткан чакта Айтаматов жана башка кыргыз интелегенциянын ойлору абдан маанилуу эле
pat12 түзөттү 2018-10-05 10:42:43
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.