super.kg logo
  Саясат  

Бир жылдын ичинде Жогорку Кеңеште 355 мыйзам долбоору каралып, анын 253ү кабыл алынды

 

2012-жылдын 1-сентябрынан 2013-жылдын 27-июнуна чейин Жогорку Кеңештин 76 жыйыны өткөрүлсө, анда 355 мыйзам долбоору каралып, анын 253ү кабыл алынды. Кабыл алынган мыйзамдардын 42,9 пайызы депутаттар тарабынан, 56,1 пайызы өкмөт тарабынан демилгеленген. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы бүгүн, 5-июлда билдирди. Былтыркы сессияда мыйзам долбоорлорунун 47 пайызы депутаттар тарабынан, ал эми өкмөт тарабынан 53 пайыз мыйзам долбоорлору киргизилген.

Парламенттин бир жылдык ишинде 146 мыйзамга президент кол коюп, күчүнө кирди. Жогорку Кеңештин 1160 токтому кабыл алынды, анын ичинде 846 токтом мыйзамдар боюнча, 131 токтом коомдук-саясий, социалдык-экономикалык жана башка маселелер боюнча, 183 токтом процедуралык маселелер боюнча кабыл алынган. Ошондой эле 91 протоколдук тапшырма берилип, 3 “өкмөттүк күн” өткөрүлдү. Жогорку Кеңештин фракциялары жана комитеттери 24 көчмө жыйын, 23 парламенттик угуу, 35 тегерек стол жана башка иш-чараларды өткөрүштү. 

Ар кандай орчундуу маселелерди иликтөө үчүн 9 депутаттык комиссия түзүлүп, анын ичинде бешөөнүн иши аягына чыгып, жыйынтыгы угулду. Ушу тапта 4 комиссия өз ишин улантууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: