super.kg logo
  Саясат  

Дыйкандарга суу жетпей жатса, Бишкектеги дарактарды сугарууда суунун жарымы көчөнү каптап жатат

 
Көчөнү каптаган суу минтип тургундар үчүн ыңгайсыздык жаратты
Көчөнү каптаган суу минтип тургундар үчүн ыңгайсыздык жаратты
Көчөнү каптаган суу минтип тургундар үчүн ыңгайсыздык жаратты
Пайдасыз жерге жайылып жаткан суу
Пайдасыз жерге жайылып жаткан суу
Пайдасыз жерге жайылып жаткан суу
Көчө боюнча жайгашкан кеңселердин кызматкерлери чыгып, сууну бурууга аракет кылышты
Арыктан ашкан суу көчөнү каптоодо
Арыктан ашкан суу көчө боюндагы кеңселерге агып кирүүдө
"Таштанды тазалоочулардын ордуна биз тазалап жатабыз",- дейт көчө боюндагы кеңселердин биринде иштеген кызматкер
"Таштанды тазалоочулардын ордуна биз тазалап жатабыз",- дейт көчө боюндагы кеңселердин биринде иштеген кызматкер

“Ишканабыздын алдын суу каптап, кишилер кирип-чыга албай жатышат. Мындай көрүнүш былтыр дагы болгон. Суу керексиз эле жерди каптап көчөдө жатат”. Шаардагы Логвиненко-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ишканалардын биринин өкүлү Ирина Сергеева ушуларды айтты. Көчөдөн өтүп бара жатып ушул көрүнүшкө туш болдум. Чынында ал жерде агып жаткан сууну көзөмөлдөгөн адам жок экен, ары-бери карап таба албадык. Дарактарды сугаруу үчүн бөлүнгөн суу асфальт жолду каптап жатыптыр. Ал эми "Жашылдандыруу" ишканасынын директору ордунда эмес экен, башкы агроному Сергей Ивановго телефон чалсак, "ушул эле жетишпей жатты эле" дегенсип өчүрүп койду. Кийинки чалууларыбыздан пайда чыкпады. Сууну үнөмдүү пайдалануу деген да нерсе бар эмеспи, асфальт "соруп" жаткан сууга зар болуп, айрым сейил бактарда далай бак-дарактар саргайып турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: