super.kg logo

Тоо кийигин жана анын улагын аткан 4 жаран изделүүдө

 

Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик департаменти Кызыл китепке кирген жаныбарларды аткан жарандарды издөөдө. Бул тууралуу маалыматты аталган департаменттин маалымат кызматы тастыктады.

"Департаменттин Ош облусундагы бөлүмү тоо кийигин жана анын улагын мыйзамсыз аткан белгисиз жарандарды издөөдө. Алар коргоого алынган жаныбарларды атып, сүрөттөрүн социалдык тармактарга жарыялаган. Кийиктин ургаачысын жана балдарын атууга атайын лицензиясы барларга да тыюу салынган. Изделген жарандар кармалса, аларга 100 миң сомдон 200 миң сомго чейинки айып пул салынат", - деп айтылат маалыматта.

Мыйзамга ылайык, тоо кийигинин эркегин атуу үчүн атайын лицензия алуу керек. Лицензия 70 миң сом турат. Мыйзамсыз атылган кийик үчүн салынуучу айып пулдун көлөмү 100 миң сом, марал, аркар жана аюу үчүн 1 миллион сом, ак барс үчүн 1 миллион 500 миң сомду түзөт.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
05.10.2018. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Акмактар!!! Кырып жок кылып буттунор... Калп эле мынанча акча деп коет. Ал акчалар сол чонтокторго кетет. Депутат, министрлерин лицензиясы жок эле ан уулап журот, атасынан калган мал болгонсуп... Мораторий киргизгиле десе болбой коюшкан. Ошол макул болбогон депутаттардын озун атып салса олкого пайдалуу болмок... Ансыз да саналуу жан-жаныбар калды. Аларды да атып кырып, аман калганы уркуп жер оодарып кетип, акыры кайберендердин наалатына калмак болдунар...
06.10.2018. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
CEO1,Эн туура айтасын ошондо азайып калышмак 50 жепжутар ашыгы менен жетет эле да не кереги бар бизге 120 койдун озу 6млн болсок.Негизи мугалимдердин санын кыскартпай ошолорду азайтыш керек
Arman7 түзөттү 2018-10-06 01:17:33
05.10.2018. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чондорго же башка кызматкерлерге ПАРА каражатында атылып эле журот тоо кийиктери лицензиясыз
05.10.2018. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байлар атат да жонокой адам анга чыкмак беле. Акаунт озу суротун жуктосо эмнеге издейт)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: