super.kg logo

"Коопсуз шаарды" ишке ашырчу компанияга байланыштуу шектер негиздүү деп табылды

 

Кечээ, 4-октябрда "Коопсуз шаар" боюнча өткөн сынакка катышкан "Маалыматтык системдердин коопсуздугу" компаниясынын өкүлдөрү жеңишке жеткен "Веганын" аталган долбоорду ишке ашырууда тажрыйбасы жок экенин билдирген.

Бүгүн, 5-октябрда Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Озумбеков журналисттерге билдиргендей, арыз-даттанууларды караган көз карандысыз комиссия “Маалыматтык системдердин коопсуздугу” компаниясынын даттануусун негиздүү деп аныктады. "Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети аталган комиссия чыгарган чечимди изилдеп жатат", - деди Озумбеков.

Белгилей кетсек, аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн 24-августта өткөрүлгөн сынак үзгүлтүккө учурап, 4-сентябрда кайрадан сынак уюштурулган. Сынактан орусиялык "Вега" радиоуктуруу концерни" компаниясы утуп чыккан. Вега" компаниясы биринчи лот боюнча 1 миллиард 125 миллион сом сунуштаса, экинчи лот боюнча 1 миллиард 195 миллион сом сунуштаган.

"Коопсуз шаар" "Акылдуу шаар" долбоорунун бир тармагы болуп саналат. Аталган идея 2012-жылдан бери түрдүү себептерден улам ишке ашпай келет.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.10.2018. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дагы бири-бирин чукумай башталды. Кыргызстан озунун, элинин коопсуздугун коргой албай калгандай сезилет. Мадумаров туура айткан.Макул бир ай эмес, жарым жылда ишке кире турган нерсе. Башка олколорду коруп журобуз. Ызы чуусу жок эле иштетишип, жол эрежелерин тартипке салып жатышат ко. Неге бизде..... Кыскасы соз жок
05.10.2018. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sahka Туура айтасыз.Бирок булар бирин бири чукуган жок.Долбоор 6 жылдан бери өтпөгөнүнүн себеби бүт чоңдорго доля чыкпай калат.Өзбек президент 45күндө бир шаарды бузуп кайра оңдоп койду.Болгондо да кыргыздар жашаган шаарчасын биздикилерге доля керек эл эмес.Кошуна өлкөлөр биздин чоңдордун бийликтин кылган көөөөп иштерине ХХХХХХХХ күлө берип эми күлкүлөрү да калбады.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-10-05 16:14:45
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: